Бөлүмдөр
Бейшемби, 12-декабрь
Талас облусуТалас району 29.11.2019 17:46

Таластагы жубайларды уруштурган койлор. Б.Иманалиев менен А.Жуманалиеванын кызыктуу окуялары

Turmush -  Базаркул Иманалиев Аскеркүл айымды бир көрүп жактырып баш кошкон. Алар менен аймактык кабарчы таанышты.

Базаркул Иманалиев 1957-жылы Талас районунун Ак-Жар айылында төрөлсө, Аскеркүл Жуманалиева 1961-жылы Талас районунун Орто-Арык айылында төрөлгөн. Жубайлар учурда аталган райондун Ак-Жар айылында турушат.

Аскеркүл Жуманалиева: - Туулуп өскөн айылымдагы орто мектепти 1979-жылы аяктадым. Ошол эле жылы турмуш курдум. Абышкам менен бир жеңебиз аркылуу таанышканбыз. Мен келин болуп келгенде абышкам колхоздо чабан болуп иштечү. Ошол жумуштун жүгүн бирге көтөрүп кеттик. Экөөлөп колхоздун миңдеген койлорун бактык. Кыйын күндөрдү көргөндө тоодон кетким келчү (күлүп). Бир кой жоголсо, ал үчүн аябай кайгырчубуз. Колхоздун малы экен деп таштап койбой жакшы бактык.

Бригадирлер иштерибизди баалашчу. Баалуу сыйлыктарга, грамоталарга ээ болгонбуз. Жоопкерчилик менен иштедик. Кийин МТФда дагы саанчы болдум. Алдыңкы саанчылардын катарын толуктап жүрдүм. 1995-жылы колхоз тараганда айылга келип, там куруп, балдарды окуттук.

Базаркул Иманалиев: - 17 жашымдан баштап эле колхоздун жумуштарында иштедим. Алгач акеме жардамчы болуп жүрдүм. Казакстандын Актау, мурунку Шевченко шаарында аскердик кызматымды өтөдүм. Ал жактан малярлар менен бирге компрессор аркылуу боёкторду чачып иштедим. Жакшы жумушту аркаладым. Аскерден келип, колхоздогу жумушумду уланттым. Алган айлыгым 120 сом болчу. Ошондогу айлыктын берекесине азыр таң берем.

Миңдеген малды багуу оңой иш эмес болчу. Ысык-суукка кабылып, далай кыйын күндөр өттү. Мен 10 бир туугандын төртүнчүсүмүн. Апам 2 жолу эгиз балдарды төрөгөн.

Жубайымды үйлөнгөнгө чейин бир дагы жолу көргөн эмесмин. Балтасы жанында деп бирөөлөр аябай макташкан (күлүп). Чындыгында турмушта дагы тың болду. Үйлөнөм деген ой жок болчу. Байбичемди көрөйүн деп барганбыз. Бир көрүп жактырып, жолдош баламдын мотоциклине салып келе бергенбиз. Ал кезде мотоцикл популярдуу болчу. Ошентип бир-бирибизге жөлөк-таяк болдук.

Ошондогу замандын кенендиги... Азыр иштесең тиштейсиң деген заман. Кудайга шүгүр, балдарыбыз чоңоюп, кыздарыбыз турмушта.

Бир окуяны айтып берейин, колхоздо иштеп жүргөн убагыбыз. Мал талаадан келгиче короодогу малдын аштоосуна жем салып даярдап койчубуз. Бир күнү байбичем унутуп калып, койлор короого жакындап калганда жемди бир капталдагы аштоого гана салганга үлгүрүп калды. Мен айдап келген миңдеген койлор ошол жем салынган тарапка гана үйүлүп калышты. Мен аларды бөлө албай кыйналдым. Аларды бөлбөсөм козулары тебеленип өлүп калышмак. Ошондо байбичеме бир жолу ачууланып кыйкыргам (күлүп). Андан бери балдарымдын апасы деп сыйлап келем.

Аскеркүл Жуманалиева: - Жолдошумдун ак көңүлдүгү жагат. Бирге жашаганыбызга 32 жыл болду. Буйруган жашоону жашап жатабыз.

Жубайлар 4 баланын ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×