Бөлүмдөр
Бейшемби, 12-декабрь
Талас облусуБакай-Ата району 30.11.2019 12:14

Таласта ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жардам көрсөтүлдү

Turmush -  Кечээ, 29-ноябрда Таласта 3-декабрь — Майыптардын эл аралык күнүнө карата ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциясынын Талас региондор аралык башкармалыгынын башкы инспектору Нуркалый Абдылдаев билдирди.

«Мамэкотехинспекциясынын Талас региондор аралык башкармалыгынын жамааты Бакай-Ата айылындагы жалпы типтеги карылардын жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын социалдык стационардык мекемесине жана Талас районунун Көк-Ой айылындагы «Бекнур» балдарды реабилитациялоо күндүзгү борборуна кайрымдуулук иштерин жасашты. Жумушчулар өз ара акча чогултуп, балдарга азык-түлүк, белектерди алып барып беришти», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×