Бөлүмдөр
Бейшемби, 12-декабрь
Талас облусуТалас району 02.12.2019 17:41

Айыл турмушу: Таластык уста М.Сыйдалиев 5000 сомдук камчыларды жасап сатат (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Калба айылынын 46 жаштагы тургуну Медер Сыйдалиев сувенирлерди жасап, үйлөрдү кооздоп, сезондо 200 миң сомдон киреше табат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, чоң аталары уста болгон.

«Атам чабан болуп иштеди. Бирок оорудан улам эрте эле кайтыш болуп кеткен. Устачылыкты үйрөткөнгө үлгүргөн жок. Канда болгон өнөр калбайт көрүнөт. Мен аскерден келген жылы Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгонбуз. Жумуш жок, үйдө эле жүргөндүктөн ар кандай буюмдарды жасоо менен алектенип калгам. Буюмдарды жана сувенирлерди жасоодон ырахат алам. Көңүлү жакындар келип калганда жасаган эмгектеримди бекер берип жүрдүм. Жай мезгилинде буюм-тайым жасабайм, жалаң курулуш жаатында жүрөм. Үйдүн чатырларын жаап, евростилде кооздоп, дарбазаларды жасап иштейм. Бул тармакты 2011-жылдан бери алып келе жатам. Бир үйдү пайдубалынан бери балдар менен бүтүрүп иштейм. Сезондо 200 миң сомдон каражат табам. Ал суммадан ашып кеткен күндөр дагы болот. Таластын ар тарабынан буйрутмалар болот.

12 өрүмдүү камчыларды буйрутма берип жасатышат. Анткени 12 өрүм кооз болот. Уйдун терисинен 12 өрүм өрүлбөйт. Жоон болуп калгандыктан 6 өрүмдөрдү өрүп берем. Камчы 5000 сомдон сатылат. Анткени сабын текенин мүйүзүнөн жасайм.

Кичүү балам устачылыкка кызыгып жүрөт. Баш-көз болуп, багыт берип калам. Мектепти аяктаганда устачылык жаатты тереңдетип үйрөткөн окуу жайларга барса дейм. Аазыркы заманбап жабдыктарды колдонгонду үйрөнүп, алар менен буюмдарды тез арада даярдамак. Мен баарын колго эски ыкмалар менен жасайм», - деди ал.

Медер уста 5 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×