Бөлүмдөр
Бейшемби, 12-декабрь
Ош облусу, Ош 03.12.2019 12:12 Жаңыланды: 03.12.2019 15:26

Сүрөт — Алыскы айылдарда акысыз медициналык жардам көрсөткөн «Дени сак эл» ассоциациясы. Жетекчинин маеги

Turmush -  Кыргызстандын булуң-бурчунда медициналык жардамга муктаж адамдар аз эмес. Ошону менен катар айрым алыскы айылдардагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда адистер жетишсиз. Андыктан алыскы айылдардагы жашоочулар жакынкы же райондордун борборунда жайгашкан ооруканаларга барышат. Бирок ооруканага бара албаган, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр эмне кылат?

Көйгөйдү чечүү максатында «Дени сак эл» ассоциациясы түзүлүп, ыктыярчы дарыгерлер алыскы айылдарда жашаган тургундардын саламаттыгын жеринен текшеришип, акысыз медициналык жардам көрсөтүп келишет. Аталган ассоциациянын директору Максатбек Жумабаев менен аймактык кабарчы маектешти.

- Саламатсызбы! Ассоциация кандай максатта түзүлдү жана демилге кимге таандык?

- Саламатсыңарбы! Биздин ассоциациянын түзүлгөнүнө 2 жыл болду. Биз өлкөнүн түштүк аймагындагы алыскы айылдарга барып, акысыз медициналык текшерүүлөрдү жүргүзөбүз. Бул демилгени алгач өзүм көтөрүп, анан досторум менен кеңешип, ассоциация түзгөнбүз. Ассоциациянын атын тандоодо талкуу уюштурдук. Андан соң «Дени сак эл» аталышындагы ассоциациябызды Юстиция министрлигинен каттоодон өткөрдүк. Ошентип алыскы айылдарга барып, медициналык жардам көрсөтө баштадык. Ассоциация түзүүнүн эң негизги максаты — медициналык жардамга муктаж, аз камсыз болгон жарандардын саламаттыгына кам көрүү. Мурда алыскы айылдардагы медициналык жардамга муктаж адамдарды көрүп зээнибиз кейичү.

Видео: «Дени сак эл» ассоциациясы Ош облусунун Ноокат районунда болду

- Ассоциациянын курамына жалаң ыктыярчы дарыгерлер кошулдубу? Каржы жагынан колдогон компаниялар барбы?

- Ассоциацияга жалаң ыктыярчы дарыгерлер кошулду. Каржылык жактан көмөктөшө турган компания же жеке ишкерлер жок. Өз каражатыбыздын эсебинен унаа жалдап, ага күйүүчү май куюп, медициналык шаймандарды, дарт аныктоочу аппараттарды салып алып, айылдарга барабыз. Жергиликтүү үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун же мектептин имаратына жайгашып, ишемби жана жекшемби күндөрү медициналык текшерүүлөрдү жүргүзөбүз.

- Алгачкы медициналык жардам көрсөтүү иштерин кайсы айылдан баштадыңар эле?

- Биздин ассоциацияда өз ишин мыкты билген, тажрыйбасы көп дарыгерлер бар. Айылдарга бара турчу дарыгерлерди комиссия аныктайт. Ассоциацияга тажрыйбасы 5 жылдан кем эмес дарыгерлерди чакырганбыз. Бардык багыттагы дарыгерлер бар. Мисалы гинеколог, ортопед, педиатор, уролог, психолог, окулист, травматолог, лор, пульмонолог, хирург. Алар менен чогуу алгачкы жолу менин туулуп өскөн айылым Ак-Жарга барганбыз. Айыл Өзгөн районунда жайгашкан. Жергиликтүү тургундарды медициналык кароодон өткөрүп, дарт аныктоочу аппараттардын жардамы менен ооруларды аныктап, дарыларды жазып бергенбиз. Ошондон кийин эл бизге алкоолорун айтышып, ата-энеме ыраазычылыктарын билдиришти. Ошол күнү калктын ыраазычылыгы бизге шык берди.

Видео: «Дени сак эл» ассоциациясы тарабынан уюштурулган акысыз жардам. Өзгөн районуна караштуу Ак-жар айылы

- Ассоциациянын курамында канча дарыгер бар? Айылдардагы медициналык жардамга муктаж адамдар боюнча маалыматтарды кайдан аласыңар?

- Биздин курамда 100дөн ашуун ар кандай багыттагы дарыгерлер бар. Буга чейин марафон уюштуруп, акча чогултканбыз. Каражатты медициналык аппараттарды алууга жумшайбыз.

Алыскы айылдардагы медициналык текшерүүгө муктаж адамдар боюнча маалыматтарды жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнөн алабыз. Тактап айтканда, айыл өкмөттөр менен иштешебиз. Биринчи жолу тургундарды акысыз медициналык кароодон өткөргөндөн кийин жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү өздөрү кайрылып калышты. Алар бизге кат аркылуу кайрылышат. Биз аларды карап чыгып, анан жооп жөнөтөбүз. Соңку учурда биздин кызматка суроо-талап өсүүдө.

- Айылдардагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборундагы адистер менен кызматташасыңарбы?

- Биз элди медициналык кароодон гана өткөрбөстөн, жергиликтүү дарыгерлерге да кеңештерди беребиз. Шаарда иштеген дарыгерлер айылдарда иштеген адистерге караганда тажрыйбасы жогору экени байкалып калат. Ошондуктан биздин дарыгерлер аларга дарылардын курамын (рецепт) үйрөтүшөт. Кайсы дарылар кайсы ооруларга колдонулушу керек экенин түшүндүрүшөт. Мындан сырткары элди сергек жашоого үндөйбүз. Гигиеналык эрежелер боюнча кеп-кеңештерди аябайбыз. Туура тамактануу боюнча да консультация беребиз.

- Силер алыскы айылдарга, райондорго көп барасыңар. Ал жакта кайсы оорулар менен жабыркаган адамдар көп?

- Жогоруда айтылгандай бизге жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү өтүнүч кат жөнөтүшөт. Аны карап көрүп, оорулар көп катталган айылдарга барабыз. Мисалы, Араван районунун Төө-Моюн айылында тери оорулары көп жайылыптыр. Оорулар аймакка да байланыштуу болот. Төө-Моюн айылынын географиясы башка аймактарга караганда татаал. Анан Чоң-Алай районунда боор оорулары көп кездешти. Бул дагы аталган аймактын чөйрөсүнө байланыштуу деп ойлойм. Анткени ал жактагы тургундар мал чарбасы менен алектенишет.

Видео: «Дени сак эл» ассоциациясы жарандарды акысыз медициналык кароодон өткөрө баштады

- Жалпысынан канча айылга барып, канча адамды медициналык кароодон өткөрдүңөр?

- Бүгүнкү күнгө чейин 3 облустун: Жалал-Абад, Ош, Баткен облусунун алыскы айылдарына бардык. Жалпысынан алганда 30дан ашуун сапарга чыгып, 29 миң 684 адамды медициналык кароодон өткөрүптүрбүз.

Кыргызстандын түндүк аймагынан да кайрылгандар болуп жатабы?

- Бизге кайрылгандар көп. Алардын ичинен Нарын жана Талас облусунан кайрылгандар бар. Буюрса ал жактарга да барабыз.

Видео: «Дени сак эл» ассоциациясы Өзгөндө

- Келечектеги пландар тууралуу айта кетсеңиз.

- Пландарыбыз абдан көп. Ушул ассоциациянын ишин дагы жандандыруу менен алектенебиз. Дарыгерлердин санын көбөйтүп, аймактарга көбүрөөк чыгууну пландап жатабыз. Ал үчүн бизге автоунаа керек экен. Калктын саламаттыгына кайдыгер карабаган демөөрчүлөр үчүн эшигибиз ачык. Мобилдик автоунаа боюнча көйгөйлөрүбүз бар. Көп айылга бардык. Үй-бүлөлүк дарыгерлердин борборуна, мектептерге жайгашабыз. Ал жакта орун жетишсиз, имарат тар болуп калат. Анын үстүнө аппараттарды жайгаштыруунун түйшүгү бар. Ошондуктан демөөрчүлөр мобилдик автоунаа алып беришсе, адамдарды ошол эле унаада текшере бермекпиз.

- Маегиңиз үчүн рахмат! Ишиңизге ийгиликтерди каалайбыз.

- Силерге да чоң рахмат!

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×