Бөлүмдөр
Бейшемби, 12-декабрь
Талас облусу, Талас 03.12.2019 16:23

Жеңеке: Гүлнара айым менен жолдошу бир аз көрүшпөсө сагынышып калышат (сүрөт)

Turmush -  Талас шаарынын 30 жаштагы тургуну Гүлнара Сыдыкова өзүнүн кыялындагы ырчылык кесибин таштап, жолдошу Ренат мырза менен кошо аскер бөлүктө иштеп калган. Аймактык кабарчы жеңекеден кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Бакай-Ата районуна караштуу Комсомол айылында төрөлгөн.

«Мен өзүм Бишкектеги искусство институтунда билим алып баштап, бирок бүтпөй калдым. Ал жактан дирижёр адистигин алып чыкмакмын. Бишкекте окуп жүргөндө азыркы «Музаман», «Жебе» топторундагы ырчылар менин тайпалаштарым болчу. Мен дагы жаш кезимде ырчы болом деген кыялым бар болчу. Бирок тилекке каршы жашоонун нугу менен кетип, азыркы учурда аскер бөлүктө ашпозчу болуп иштейм.

Таластын Өзгөрүш айылына 2010-жылы келин болуп келгем. Жолдошум менен жеңем аркылуу таанышып калгам. Экөөбүз 15 мүнөттөй жолугуп эле, баш кошуп калганбыз. Жолдошум мени бир көрүп жактырып алып алды (күлүп). Ал учурда аскерден жаңы келген экен. Келин болуп келгенде кайын ата, кайын энем менен 1-2 айдай эле жашап, жолдошумдун жумушуна байланыштуу өзүнчө бөлүнүп кеткенбиз. Жолдошум ал учурда Кой-Ташта аскер адамы болуп иштөөчү. Ал жакта 2 жылдай иштеп, Таластагы аскер бөлүккө которулуп иштеп калды. Анын артынан эле мен да жумушка кирип калдым. Жолдошум азыр пенсияда, өзүм декреттемин.

Биздин 5 кыз, 1 уулубуз бар. Көп балалуу болгон бизге эч кандай оорчулук деле жараткан жок. Тескерисинче балдары көп деп жумуштан дагы жеңилдиктер каралган. Талас шаарынан бизге 1 бөлмөлүү батир белек кылышкан. Кудайга шүгүр, жакшы жашап жатабыз. Бири-бирибизди бир аз көрбөсөк сагынышып калабыз (күлүп). Чыныгы сүйүү никеден кийин болот деген чын экен. Жолдошума мага чыдап келе жатканына рахматымды айтам. Менин мүнөзүм кичине оорураак болсо да чыдап, эркелигимди көтөрүп келе жатат. Өзү үй-бүлөгө камкор. Жолдошум апама менин тамакты даамдуу жасаганымды айтып мактап калат экен. Бирок «мүнөзүңдү ондочу» деп калат (күлүп). Кыздарын аябай жакшы көрүп, аларга болгон нерселерин алып келип турат. 5 кыздан кийин уулдуу болгонго аябай сүйүнүп жүрөт. Балалуу болгондо буту жерге тийбей калды (күлүп). Алдыда дагы балалуу болуп, баатыр эне болом деген ойлорум бар», - деди Гүлнара жеңе.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×