Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Талас облусуМанас району 24.12.2019 13:38

Манас районунда өрт-куткаруу бөлүмүнүн имараты ачылды

Turmush -  Бүгүн, 24-декабрда Манас районунда жаңы курулган №100 өрт-куткаруу бөлүмүнүн имаратынын ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, салтанаттуу иш-чарага өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов баш болгон куткаруучулар катышты. Имараттын долбоору ӨКМдин буйругунун негизинде даярдалып, сметасы 9211112 сомду түзгөн. Министрликтен жалпысынан 6 млн 832 725 сом которулуп, курулуш иштери өздүк курамдын күчү менен аяктады. Ал эми бюджетке 2 млн 378 миң 387 сом үнөмдөлгөн. Имарат заманбап талапка жооп бергендей курулуп, административдик бөлүгү 2 кабаттуу болду. Кышкысын жылуу, 2 гараж, резервде 1 гараж бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×