Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Талас облусуМанас району 25.12.2019 15:40

Таластын Бала-Саруу айылындагы мектепте жаш мугалимдердин тажрыйба алмашуу боюнча семинары өттү

Turmush -  Кечээ, 24-январда Манас районунун Бала-Саруу айылындагы мектепте жаш мугалимдердин тажрыйба алмашуу боюнча семинары өттү. Бул тууралуу директордун орун басары Назгүл Ажымуратова билдирди.

Анын айтымында, семинарга район боюнча 30дан ашык жаш мугалимдер келди. Аларга интерактивдүү ыкмаларды колдонуу боюнча мастер-класстар көрсөтүлдү. Аталган мектептин мугалимдери сабак өтүүнүн 10дон ашык ыкмасын көрсөтүшүп, аны ар бир сабакка колдонууга болору айтылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×