Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Талас облусуМанас району 27.12.2019 16:48

28-декабрдан 3-январга чейинки аба ырайынын болжолу

Иллюстративное фото
Иллюстративное фото

Turmush -  Эртең, 28-декабрда түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, күндүз Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

29-декабрда Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 29-декабрда күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар жаашы мүмкүн. Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында кар жаашы ыктымал. Ош, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Нарын облусунда жаан-чачын болот.

30-31-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы ыктымал. 1-январда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы мүмкүн. Күндүз жаан-чачын болбойт. Жолдор тайгак, тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши ыктымал.

2-3-январда жаан-чачын болбойт. Абанын күндүзгү температурасы бир аз жогорулайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×