Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Талас облусуКара-Буура району 06.01.2020 14:30

Катаал жеңелердин жоругу, 52 жыл «жоголгон» уул: Гүлбаран апанын онунчу баласы Кеминден табылды (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районунун Арчагул айылынын 79 жаштагы тургуну Карабаева Гүлбаран апа онунчу баласын 52 жылдан кийин тапты. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Гүлбаран апа: Согуш башталган жылы Арчагул айылында төрөлгөм. Бир тууган акем согушка кетип каза болгон. Бала чагым бир топ сынактардан өттү. Бирок ошого жараша жараткан дагы жакшылыгын берет экен. Мектепке баштык көтөрүп, ага сыя челек салып алып барчумун. Ал кезде жетим балдар бар болчу. Арасынан бейбаштары нанымды тартып алып жеп коюшчу (күлүп). 10-класска чейин окуп, жалаң 4-5 деген баа менен бүттүм. Ал билимимди колдонуп мугалим болбосом дагы неберелеримдин сабактарына жардам берип, эсептерди чыгарып жардамдаштым. Акыркы 3 жылдан бери карылык болуп, унуткарып калдым.

Абышкам Бетей дагы ушул айылдан болчу. 32 жыл совхоздо жылкычы, кийин айдоочу болгон. Мен 1978-жылдан колхоз тараганда чейин тамекиде иштедим. Эмгектерибиз бааланып турду. Ошентип 7 кыз жана 2 уулдуу болдук. Өзүмдүн бала чагым кыйынчылыктарда өткөндүктөн балдарым жакшы жашоодо жашашса экен дедим. Оозума салгандай союздун убагында балдарымды эч нерседен кем кылган жокмун. Абышкам дагы короо-короо мал курап, айыл ичинде кадыр-баркка ээ болгон. Аппак сакалдуу, сулуу болчу. Айылдын баары «Сулуу чал» деп коюшчу. Өзүм баатыр эне болуп, небере-чөбөрө көрүп отурам. Мунусуна шүгүр.

Кызы Гүлайым: Атам жетим өскөн экен. Кыздарынын, баарыбыздын аттарын Бегайым, Төрайым, Гүлайым, Мунайым, Нурайым, Сабира, Самара деп китептен өзү коюп, жашоолору жомоктой болсун деген экен. Мында мааниси чоң.

Ар бир үй-бүлөдө башкача окуялар болушу мүмкүн. Айтайын дегеним көз караш, ниет түз болуп, жүрөгүбүздө ыйман болсо, уруш-талаш жокко эсе болот экен. Себеби атам аскердик милдетин Белоруссиядан өтөптүр. Аскерден келе жатып туулган жеринде жетиммин деп, Кеминде (Чүй облусу) калып, ошол жактан үйлөнгөн экен. Кийин баласы 1 жашка чыгып калганда айылына келсе атамдын жеңелери ал аялды батырбай, баласы менен кетирип жиберишиптир. Ал акебизди 52 жыл дегенде таптык. Агабыз эс тартып калганда атабызга келейин деп, бирок апасын таштай албай Кеминде жашап калыптыр. Апасы болсо башка адамга күйөөгө тийип, 8 балалуу болуптур. Гүлбаран апам баарын жакшы кабыл алды. Азыр катташып турабыз.

Гүлбаран апа: Мен жакшы кабыл алдым. Алгач көргөндө ыйлап кучакташтык. Абышкамдын биринчи байбичеси дагы тирүү экен. 11 жылдан бери катташабыз. «9 бала төрөсөм, онунчу балам бар турбайбы» деп ыйлагам. Азыр болсо накта баатыр энемин деп кубанам. Абышкам 2002-жылы кайтыш болуп кетти. Бирок биздин жолукканыбызды көрбөй калды. Ал балам кудум абышкама окшош экен.

Гүлбаран апа уул-кыздарынан отуздан ашык неберелүү болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×