Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-январь
Талас облусуМанас району 07.01.2020 08:22

7-8-январда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Баткен облустарында мезгил-мезгили менен кар жаайт

Turmush -  Бүгүн, 7-январда жана 8-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү жаралат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал.

8-январда Чүй, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы мүмкүн.

9-январда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот, кар күрткүсү жаралат.

10-январда жаан-чачын күтүлбөйт.

11-январда кээ бир райондордо кар жаашы ыктымал. Абанын температурасы өзгөрүлүп турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×