Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Талас облусуТалас району 08.01.2020 09:23 На русском

Айыл турмушу: Ж.Жумашалиеванын мектепти бүтүп кеткен окуучулары азыр да рахмат айтып турушат (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Арашан айылынын 54 жаштагы тургуну Жамиля 33 жылдан бери башталгыч класстардын мугалими болуп иштейт. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Анын айтымында, Талас районунун Кум Арык айылында төрөлгөн. 1986-жылы кыз-келиндер педагогикалык институтунун башталгыч класстар факультетин аяктаган.

«Алгачкы эмгек жолум Арашан айылындагы орто мектептен башталып, бүгүнкү күнгө чейин аталган мектепте эмгектенип келем. Жаш балдар менен иштегенди жакшы көрөм. Мен окуучу кезимден эле башталгыч класстын окуучуларын карап, сабактан тышкары мугалимдердин жардамчысы болуп, окуучуларга сабак өтүүгө жардамдашып калчумун. Ошентип көөдөнүмө жакын болгон кесибимди 33 жылдан бери аркалап келем. Ортодон окуу бөлүмүнүн башчысы, директор, директордун орун басары болуп дагы иштедим. Башталгыч класстын окуучулары таза сезимдүү болуп, жүрөгүңдү жылыткан көз ирмемдер болуп турат.

Бир күнү өзүм окуткан 2 окуучу бала жолугуп калышты. Алар азыр жогорку кызматта иштешет. Алар «Сиз айтканды укпай, окубай, сабакка көңүл бурбай жүргөндө, бизди бурчка тургузуп, "Билим алгыла, келечекте адам болгула. Өзүңөрдү сыйлаганды билгиле. Ошондо башка адамдын баркын билесиңер" дегенсиз. Ошондо эркелеп, окубай жүрө берсем азыр ким болмок элем, билбейм. Ошондогу берген тарбияңызга рахмат» деп айтканын унутпайм.

Азыркы окутуп жаткан классым 4-класстын окуучулары. Мурунку балдар менен азыркылардын айырмасы чоң. Кээде сабак бүтүп тарап жатканда «башым ооруп жатат» деп калсам, «эже оорубаңыз» деп калышат. Ошондой күндөрдүн биринде бир балама «сени үй тапшырманы аткарбаганың үчүн урушуп, 2 дагы койбодумбу. Анан «оорубаңыз» деп жатасыңбы?» дедим. Ал окуучум «Мага 2 койсоңуз деле сиз оорубаңыз. Бүгүн болбосо башка күнү билим алып жатпаймынбы» деп коёт. Балдар бүт оюн айтышат.

Сабактан окуучулардын баарын толук сурап чыгам. Бир күнү адеп сабагынан китептерди алып чыгып, даярданып отургула деп журналды алып келгенге кеткем. Келсем столумда кичинекей барак туруптур. Баракта «Эже, мен сабакка даярдана албай калдым. 2 барак толтуруп себебин жазып келдим. Түндө атам мас болуп бизге тынчтык берген жок. Такыр окуй албай койдум. Суранам, окуучулардын көзүнчө мени сурабай эле коюңузчу» деп жазып коюптур. Окуп алып ыйлагым келди. Ал баланы сураган жокмун. Окуучулардын баарын сурап бүтүп, баягы окуучуга «Сен өткөндө жооп бергенсиң. Жазып келгендериң катасыз, сулуу жазылган экен» дедим. Ага 5 коюп бердим.

Мугалимдик жолумда 6-7 класс бүтүрдүм. Билим берүүдөн башка дагы эне катарында тарбия берип, сыймыктануучу окуучуларым көп. Мугалимдер саламга көңүл бурат экенбиз. «Саламатсызбы?» деп койгон сөзүнө укмуш зар болобуз. Өзгөчө бүтүп кеткен окуучуларым учурашып койсо окуучуларым мени унутпаптыр деп күн бою сүйүнөбүз. Кээде жаныңдан саламдашпай өтүп кетсе таарынып дагы калабыз. Мугалимдер жаш балдардай болуп таарынчак болобуз (күлүп)», - деди ал.

Мугалим айым 2011-жылы «Эл агартуунун отличниги» наамын алган. Үй-бүлөдө 7 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×