Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Талас облусуМанас району 09.01.2020 09:25

Былтыр Таласта 300 чөө, 56 карышкыр атылды

Turmush -  2019-жылы Талас облусунда 300 чөө, 56 карышкыр атылды. Бул тууралуу Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн жетектөөчү адиси Айнура Алиева билдирди.

Анын айтымында, эң чоң салмактагы 75-80 кг болгон карышкырды Жоон-Арык айылынын тургуну, мергенчи Таалай Эстебесов аткан.

«Бизге жыл ичинде малга кол салуулар болуп жатты. Бирок «менин малыма кол салды» деген кайрылуулар болгон жок. Топ карышкырлар жүрөт дегенде эле мергенчилер мал жайылган аймактарды кайтарып жатышты», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×