Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Талас облусуМанас району 09.01.2020 15:41

Жеңеке: Жазгүл айым Таласты жактырбай кетсе да кийин келин болуп келип, азыр 7 баланы тарбиялап жатат (сүрөт)

Turmush -  36 жаштагы Асекова Жазгүл жеңе биринчи келгенде жактырбай кеткен Таласка келин болуп, учурда 7 баланы тарбиялап жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Ат-Башы районунун Большевик айылында туулган. Бирок Кемин районунун Боролдой айылында чоңойгон. Жолдошу Алмазбек Абдылдаев экөө 2006-жылы баш кошуп, Манас районунун Покровка айылына келин болуп келген.

«Өзүм Нарындын кызы болгонум менен Кемин районунун Боролдой айылында чоңойдум. Атам 35 жашында каза болуп, апам иним экөөбүздү жалгыз тарбиялап келди. Шартка байланыштуу Кемин районуна көчүп барып, ошол жактан мектепти аяктадым. Кесибим боюнча эсепчимин. Өзүмдүн кесибим боюнча Манас районундагы банктардын биринде 2 жыл иштеп, балдарым удаа төрөлгөндүктөн алар менен үйдө отуруп калдым.

Ал эми жолдошум экөөбүз студент кезде таанышканбыз. Ал кесиби боюнча агроном. Окуудан сырткары кошумча акча табайын деп кафеде тейлөөчү болуп иштеп калдым. Ал бармен болуп иштечү. Экөөбүз ошол жактан таанышып, дос болгонбуз. Нөөмөтүбүз бир болгондуктан жакшы сүйлөшүп, эс алуу күндөрүбүздү кандай кылып өткөргөнүбүзгө чейин айтып баарлашчубуз. Эң кызыгы анын сүйлөшкөн кызы, менин сүйлөшкөн жигитим бар болчу. Экөөбүз кыз-жигит болуп сүйлөшкөн жокпуз. Жөн гана достук мамиледе жүрчүбүз.

2005-жылы курбу кызым Таласка келин болуп, мен курбу кызы болуп келдим. Ошондо курбу кызымдын жолдошу «Таласка эле калып кал. Курбуң менен жолугуп турасың» деп айтса «экинчи келбейм» деп чычалагам. Мага Талас жергеси бир көргөндө жаккан эмес. Көзүмө башкача көрүнүп, сөздөр кулагыма жагымсыз угулган. 1 жылдан кийин өзүм Таласка келин болуп келсем, курбу кызымдын жолдошу аябай чычалатканы эсимде. Көрсө ат баспайм деген жерин миң басат экен. Убагында апам «кызым, алыс жерге кетпе, жолдун азабы бар» деп көп айтчу. Кудайымдын буйругу экен, минтип Таласка келин болдум.

Жолдошум экөөбүз 2006-жылы баш коштук. Үй-бүлө болгондон кийин мен анын, ал менин жеке жашоом боюнча ооз ачкан жокпуз (күлүп). Азыр бактылуу үй-бүлөбүз. Кээ бир учурда чоң апалар күлүп, «Нарындан Алмаздай бала таппай, Таластан таптың» деп калышат. Ооба, жолдошум эң жакшы адам. Үйдүн улуу келини болом. Атам менен апамдын колунда турабыз. Ал адамдар бизге акыл-насааттарын айтып, кеңештерин берип келишет. 7 баланын ата-энеси болдук. Айыл ичиндеги жаш баатыр энелердин катарын толуктайм. Улуу балабыз 7-класстын окуучусу. Анын жараткан ийгиликтерин көрүү биз үчүн сыймык. Ал эми кичүү кызыбыз 1 жаш 8 ай. Кылыктары чыгып, бизди кубанычка бөлөп турган чагы.

Үйдө атайын чарбак карайбыз. Балдарымды кошо иштетип, эмгекчилдикке үйрөтөбүз. Алар жайы менен үйдөгү чарбакта иштеп, мектепке керектүү буюмдарын алышат (күлүп). Кээ бирлери «Азаматсың, жаш кезиңде удаа төрөп чоңойтуп алдың. Өзүң менен кошо чоңоюп, ишке жарап калды» десе, айрымдары «жаштыгыңдын баарын бала багуу менен өткөрдүң» деп да айтышты. Эң негизгиси мен бактылуумун. 7 балам 7 жактан апалап турат. Атасы «экөөбүздүн байлыктарыбыз ушулар» деп турат», - деди ал.

Жазгүл жеңенин уул-кыздары:

- Сүйүнбеков Адилет 2097-жылы төрөлгөн;

- Сүйүнбекова Бермет 2006-жылы төрөлгөн;

- Сүйүнбеков Ариет 2011-жылы төрөлгөн;

- Сүйүнбекова Жибек 2015-жылы төрөлгөн;

- Сүйүнбекова Луиза менен Элиза 2016-жылы төрөлгөн;

- Сүйүнбекова Аруузат 2018-жылы төрөлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×