Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Талас облусу, Талас 09.01.2020 11:12 На русском

Таласта мас лаборант иш бөлмөсүндө 21 жаштагы кызды зордуктоого аракеттенген. Окуянын чоо-жайы

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Талас шаардык сотунда Жазык кодексинин 39-161-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде (Зордуктоого аракеттенүү) айыпталган Икрамдын (аты өзгөртүлдү, Т.И.К.) кылмыш иши каралды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Айыпталуучу Икрам Жалал-Абад облусунун 1977-жылы туулган тургуну. Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы. Талас шаарында жашап, ооруканалардын биринде лаборант болуп эмгектенет. Буга чейин соттолгон эмес.

Икрам 2019-жылы 23-октябрда өзү иштеген Талас шаарындагы оорукананын рентген кабинетинде жумуш учурунда спирт ичимдигин ичкен. Болжол менен саат 14:30 чамасында 1999-жылы туулган Нурбүбү (аты өзгөртүлдү, С.к.Н.) эч кандай жолдомо кагазы жок белин рентгенден тарттырган. Бирок лаборант Икрам рентгендин сүрөттөрүн бербей, Нурбүбүгө ооруган жерлериңди айтып берем деген шылтоо менен жумушуна байланышпаган, Нурбүбүнүн жеке турмушуна тиешелүү уят суроолорду берип, рентген кабинетинин эшигин ичинен илип койгон. Андан кийин Нурбүбүнү кучактап, зордуктоого аракет жасаган. Нурбүбү ага каршылык көрсөтүп, кабинеттен качып чыккан.

2019-жылы 30-октябрда чыккан соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, жабырлануучу Нурбүбү колунан жана ийининен жеңил жаракат алгандыгы аныкталган.

Сот отурумунда Икрамдын жактоочусу айыпталуучу менен жабырлануучу элдешип, Нурбүбүнүн Икрамга эч кандай доосу жок экенин, тосмо арыз жазганын айтып, кылмыш ишти өндүрүштөн кыскартып берүүнү суранды. Нурбүбү жана анын жактоочусу анын айткандарын тастыкташты.

Жыйынтыгында сот эки тараптын элдешип алганына байланыштуу Икрамды жазык жоопкерчилигинен бошотуп, кылмыш ишти өндүрүштөн кыскартты. Чечимге нааразы тарап 10 күндүн ичинде Талас облустук сотуна даттана алат.

Соттун өкүмү 24-декабрда чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×