Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Талас облусуКара-Буура району 10.01.2020 09:20

«2 акем кайтып келген жок»: Дүйшөнкул ата жаштыгындагы азаптарын азыр да унута элек (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районунун Кайнар айылынын 96 жаштагы тургуну Карабаев Дүйшөнкул атанын жаштыгы мээнет менен өткөн. Аймактык кабарчы ооруктун ардагери менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, согуш маалындагы ачарчылыкты азыр да унута элек.

«Өмүр дегендин өзү бат учат турбайбы, 96 жашка толдум. 96 жылда башымдан эмнелерди кечирбедим. Менин бала күнүм оор болду. Тагдыр армандуу бала күндү буйруптур. Ал кезде Кайнар айылында мектеп жок болчу. Окуп, билим алат деген кыял болчу. Коңшу Көк-Сай айылындагы мектепке каттап, 4 класс гана окудум.

Ошентип кан күйгөн согуш башталып, жакынын жоготуп аза күткөндөр менен буркураган апалар калды. Бирок ошол оор мүнөттөрдө адамдар барга тобо кылышты. Ошол учур дагы деле көз алдыма тартылат. Азыр ойлосом ошондогу элди кыйын мезгилде күжүрмөн эмгек менен эртеңкиге болгон үмүт аман сактаптыр. Менин бир тууган 2 акем жана башка жигиттер согушка кетип, айыл аңгырап калды. Кийин 2 акем кайтып келген жок. Согушка кеткен улуу акемден кат келип турчу. Катты мен алып, элге окуп берип, кайра жооп жазып турчумун. «Элиме кайтып барам» деп жазган акыркы каты сүйүндүргөн. Бирок согуштун акыркы айларында ал дагы окко учуптур.

Бардык жүк апаларга, биздей балдарга түштү. Мени болсо жашымды кичүү кылып жаздырып, туугандар алып калышкан. Тылдагы оор жумуштарда тынымсыз эмгек кылдык. Чарчап-чалыгып турган кезде жарма ичип, курсакты эптеп тойгузсак да, мүңкүрөп жакындарыбыздан айрылсак да үмүт алдыга сүйрөп турду. Фронттук бригадалар түзүлүп, күндүр-түндүр баары эмгектенишкен. Айылдагы эл материалдык жактан кыйынчылыкта жашап жаткан болсок дагы фронт үчүн чогулткан эмгегинин баарын жөнөтүшкөн. Ошол кездерде айыл чарбасында ат күчүн аябай колдондук. Мен ат араба айдап Жамбылга барып, жем-туз ташып, жолдо түнөгөн күндөр арбын болду. Азыр унаадан көп нерсе жок. Ачарчылык, нандын жытын унуткарчу эмес. Бир жолу ат араба менен жолго чыккам. Бир наным бар деп жүрдүм. Аны жебесем дагы наным бар экенине кайыл болуп жүрө бериптирмин. Канча бир күн өткөндөн кийин баягы нанды карасам көгөрүп, катып калган экен. Бирок ошону жеп күн көргөм.

Кийин Өзбекстанга барып, аскердик кызматымды өтөп келдим. Аскерден келип, 40 жыл совхоздо чабан болгом. 10 жылга чукул жылаңаяк суу сугарып сугатчы, кийин тылдын ардагери болдум. Айыл эли сыйлап турушат. Байбичем 1 жыл мурун 90 жашка чыгып кайтыш болду. 15 бала төрөгөн. Анын тогузу аман-эсен чоңоюп, бала-чакалуу болушту.

Азыркы жаштар кыйынчылык көргөн жок. Анын жүзүн ары кылсын. Убактылуу нерселерди сабыр менен көтөрүп, ыймандуу болуш керек. Акыл менен калчап иш кылып, адал эмгек табыш керек» - деди аксакал.

Дүйшөнкул ата 9 баласынан 30дан ашык неберелүү болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×