Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Талас облусу, Талас 11.01.2020 17:37 На русском

Бизнес, тамеки, мушташуу, губернатордун иниси: Таластын «атаманы» М.Мураталиев жөнүндөгү кызык фактылар

Turmush -  Марат Мураталиев өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп 2017-жылдын 4-декабрынан бери иштеп келе жатат. Ал 1967-жылы 23-июнда Кара-Буура районунун Аманбаев айылында туулган. Turmush басылмасы ал жөнүндөгү айрым фактыларды топтоду.

Ата-энеси

- Атасы Молдаалы Мураталиев Таластын Аманбаев айылында 1922-жылы туулган. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери болгон. Согуштагы эрдиктери үчүн 2 жолу «Даңк» орденин алган. Аксакал 7 класс билим алган. Эжеси Жалал-Абад облусуна турумушка чыгып, карындашы экөө ошолордун колунда жүрүп өсүшкөн. Согушка чейин Куршаб деген айылдагы мектепте директор болуп иштеген. Согуштан кийин Куршаб айылына кайра келип, мектеп директору болуп иштөөнү уланткан. Жубайы Лара апа менен согуштан кийин баш кошуп, Таласка көчүп келишкен. Андан кийин райкомдо көп жыл эмгектенген. Апасы Лала Абдыкадырова 1924-жылы туулган. Согуш убагында тылда иштеген. Улуту кыргыз, Жалал-Абад облусунда чоңойгон.

Бир туугандары

- Үй-бүлөдө 7 бир тууган. Ата-энеси баарын окуткан. Улуу агасы Байымбет Мураталиев Талас облусуна губернатор болгон.

Үйлөнүү

- 24 жашында үйлөнгөн. Азыр 1 уул, 3 кыздын атасы. Жубайы Бактыгүл Мураталиева Токмок шаарынан болот.

Мушташуулар

- Кичинесинен спорт менен машыккан. 40 жашка чыкканча эле адилетсиз мамиле жасалган учурларда мушташып кеткен учурлары болгон.

Алгачкы маяна

- Эң биринчи айлык маянасын 1989-жылы техникумду бүтүрүп, Чүй районунда «заготовитель» болуп иштеп жүргөндө алган. Анда 170 рубль алган. Азыркы учурда айлык маянасы 17 миң сом.

Тамеки тартуу

- Тамекини 22 жашынан баштап тарта баштаган. Арак, сыра (пиво) ичпейт. Учурда тамекини таштай албай келет.

Унаасы

- «Toyota Land Cruiser 200».

Эл билбеген өнөрү

Ырдаганды жакшы көрөт. «Жакшы ырдайсың» деген сөздөрдү көп угат. 3-классынан бери грек-рим күрөшү менен машыккан. Баскетбол, бокс менен алектенген. Бирок акыркы жылдары убакыттын аздыгынан спорттон алыстап кетти.

Мамлекеттик кызматтагы жылдар

- Мамлекеттик жумушка келгенине 4 жыл болду. Көп жылдар жеке ишкерлик менен алектенген. Талас шаардык кеңешинде, Кара-Буура райондук кеңешинде бир нече жыл депутат болгон.

Кыялы

- Кызын турмушка узаткан. Ал эми жалгыз уулу 27 жашта. Ата катары жалгыз уулун үйлөнтүп, көп неберелерди көргүсү келет. Баласына күй сайын үйлөн деп айтып турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×