Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Талас облусу, Талас 09.01.2020 16:30

Былтыр Талас облусунда гепатит менен ооруган 174 адам катталды

Turmush -  Талас облусунда жыл ичинде гепатит менен ооруган 174 адам катталды. Бул тууралуу Талас облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчисинин орун басары Кыял Карагулова билдирди.

«Бизде инфекциялык вирустуу оорулар маселе болуп келет. Биз профилактикалык иштерди жүргүзүү жана диагнозду өз учурунда табуу менен элге жайылып кетүүсүн алдын алабыз. 2019-жылы гепатиттин 174 учуру катталды. Бул оорунун А, Б, С түрлөрү болот. 174 бейтаптын ичинен 170 адам оорунун А түрү менен жабыркагандар. Ал тамак-аш аркылуу жугуп, балдар арасында көп катталат. 4 учурда гепатит Б менен ооругандар катталган. Ал кан аркылуу жугат.

Ал эми кызамык инфекциясы боюнча 10 учур катталды. Бул оору аба аркылуу жуккандыктан, өз учурунда карабаса бат жайылып кетүү коркунучу бар. Бизде чектеш мамлекеттерде кызамык боюнча статистика өтө өсүп кеткендиктен, бул инфекция көпчүлүк учурда миграция аркылуу жугуп жатат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×