Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-январь
Талас облусуКара-Буура району 10.01.2020 13:01

Айыл турмушу: Т.Жаманкулов айылда 15-20 миң сомдук дарбазаларды 2000-3000 сомго жасап сооп табууда (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районунун Арчагул айылынын 61 жаштагы тургуну Тагайбек Жаманкулов көп жылдан бери устачылыкты аркалап келе жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча тракторчу.

«Айылда 25 жыл трактор айдадым. Айыл чарбасында трактор менен жасаган жумуштар көп эмеспи. Эмгегим элим үчүн болду. Ал ортодо механик, инженер дагы болдум. Ошол мезгилдерде колхоз тарады, жерлер бөлүндү. Ар ким өзү жан далбастап эмгектене баштады. Тракторду болсо балдарым айдап калды. Мен колдогу өнөрүм менен элдин буйрутмаларын аткарып калдым.

Биздин окуучу кезде кол эмгек сабагы болчу. Ал сабакта шаймандар менен теорияны практика жүзүндө колдонуп, буюм жасап, колубузду көндүрдүк. Материалды ченеп, туура кесип, сапаттуу буюм жасап чыкканга агайларымдын мээнети күч болгон. Азыр эми ошол кездеги үйрөнгөнүмдүн чоң жардамы тийип жатат. Станоктордон бери чогултуп алып, элиме жардам берип жүрөм. Бүгүнкү күндө дарбазадан бери эшик-терезелерге чейин буйрутмалар келет. Себеби жыгачтан жасалган буюмдун артыкчылыгын эл билип калды. Көптөгөн жылдан бери устачылыгым менен келе жатам. Бирок эмгегимди баалап же кардарды мажбурлап буюмга баа коюп көргөн эмесмин. Кардар менен сүйлөшүп, анын чын жүрөгүнөн бергенин алам. Анткени ошол тыйын жугумдуу болот. Андай сооп иштерди жашың өткөн сайын жасоого шашып каласың. Элди кыйнагым келбейт. Мисалы, 15-20 миң сомдук дарбаза жасасам 2000-3000 миң сом беришет. Мындай буйрутмалар байма-бай келип турат. Себеби заман ушундай шартка буруп жатпайбы. Эмгегим элиме жакшы эле тарады, баалагандар көп», - деди ал.

Тагайбек уста 5 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×