Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Талас облусуМанас району 10.01.2020 10:51

Айыл турмушу: Тарбиячы Айбек кызы Гүлнур кагаздан гүлдөрдү жасап акча таап жатат (сүрөт)

Turmush -  Манас районунун Талас айылынын 23 жаштагы тургуну Айбек кызы Гүлнур бош убактысында гүлдүн түрлөрүн жасап киреше табууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда бала бакчада тарбиячы болуп иштеп жатат.

«Мектепти аяктагандан кийин борбордогу И.Арабаев атындагы университетте билим алдым. Түстүү кагаздан түрдүү гүлдөрдү жасаганды окуп жүргөндө үйрөнгөм. Ошол күндөн тарта бирин-эки гүл жасап, туугандарга белек кылып калчумун. Турмушка чыккандан кийин айылыбыздагы «Наристе» бала бакчасына жумушка кирип, азыркы учурда тарбиячы болуп эмгектенип жатам. Жумуштан кийин, эс алуу күндөрү буйрутма менен гүлдөрдү жасап жатам. Мага бул багытта жолдошум көп жардам көрсөтөт. Гүл жасоочу каражаттар Таласта болбогондуктан Бишкек шаарына барып алып келебиз. Кардарлар гүлдүн өңүн өздөрү тандашат. Алардын айтуусу боюнча жасайбыз.

Булардын баасы көлөмүнө жараша болот. Эгер чакан болсо 500 сомго сатам. Ал эми бетине жазуу түшүрө турган болсом 800 сомдон сатам. Жаңы жылга карата буйрутма көп болду. Көпчүлүк учурда апа, ата деген жазуулары менен гүлдестелерди жасоого буйрутма алам.

Түрдүү каражаттарды алып келүүнү пландап жатам. Азыр хоббим менен каражат таап жатам десем болот. Анткени кээде жумуштан чарчап келгенде гүлдөрдү көрүп, улам жаңысынын сүрөтүн тартып эргүү алып, эс ала түшөм», - деди чебер бийкеч.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×