Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Талас облусу, Талас 10.01.2020 14:49

Таластын 4 районундагы фермерлерге агрозоовет окуулары уюштурулду

Turmush -  9-10-январь күндөрү Талас облусунун Кара-Буура, Манас, Талас, Бакай-Ата райондорунда фермерлерге агрозоовет окуулары өткөрүлдү.

Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги тарабынан уюштурулган семинарга Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин директору Т.Айдаралиев, министрликтин адистери, ошондой эле райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчылары, фермерлер катышты. Семинардын жүрүшүндө айыл чарба өсүмдүктөрдүн таза, сапаттуу үрөндөрүн сунуштоо, мал чарбасын асылдандыруу, сандан сапатка өтүү, айыл чарба азык-түлүктөрдү кайра иштетүүчү ишканаларды көбөйтүү, айыл чарба продукцияларды экспорттоонун жолдорун жакшыртуу, органикалык айыл чарба азык-түлүктөрүн өстүрүү жана минералдык жер семирткичтерди колдонуунун жолдору, айыл чарба заманбап технологияларды колдонуу боюнча видеороликтер көрсөтүлүп, презентациялар окулуп, маалыматтар берилди.

Семинардын жыйынтыгында жергиликтүү фермерлер адистерге суроолорун беришип, тиешелүү жоопторун угушту.

Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчылары ар бир айылга агрозоовет окууларды уюштурууну улантышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×