Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-январь
Талас облусуКара-Буура району 10.01.2020 15:30

Кара-Буурадагы фермерлер асыл тукум мал багуу боюнча сабак алышты

Turmush -  Бүгүн, 10-январда Кара-Буура районунда фермерлерге окутуу өттү. Бул тууралуу Кара-Буура райондук агроөнүктүрүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Бакыт Умарбеков билдирди.

«Биз райондогу 10 айыл өкмөттүн фермерлерин чакырып сабак өттүк. Биздин жаратылыш шарттарга, жерибизге карата кандай өсүмдүк өстүрүү керектигин талкууладык. Мал чарбачылыкты өнүктүрүү, малдын асыл тукумдуулугун өстүрүү, жасалма уруктандыруу боюнча адистер кеңештерин беришти. Жаңы технология боюнча толук маалымат берилип, фермерлерге ыңгайлуу багыттар айтылды», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×