Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Талас облусуКара-Буура району 12.01.2020 11:50

Таластын Чоң-Кара-Буура айылынын маданият үйү 10 жылдан бери жараксыз абалда турат

Turmush -  Кара-Буура районунун Чоң-Кара-Буура айылынын маданият үйү 10 жылдан бери жараксыз абалда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдирди.

Аталган айылдын башчысы Нургазы Рыспековдун айтымында, маданият үйү 1957-жылы айыл тургундары тарабынан ашар жолу менен салынган.

«Акыркы 10 жылга чейин айыл тургундары ушул маданият үйүнө келип концерт, кино көрүп эс алып кетишчү. Ичи кенен, 6 бөлмөлүү, бардык шарты бар болчу. Эскилиги жетип, пайдаланууга мүмкүн эмес болуп, жараксыз абалда турат. Бир айылга бир маданият үйү керек. Азыр биздин айылга артисттер концерт коюп же кино коюп келишпейт. Себеби бизде маданият үйү жок. Бар болгон күндө дагы эч кандай шарты жок. Имараттын абдан эле эскилиги жетип калган. Атайын иш-чара, чогулуш өтүш үчүн мектептин спорт залына чуркайбыз. Биз бул боюнча айылдык депутаттар менен сүйлөшкөнбүз. Жаз айынан баштап өзүбүздүн бюджетибизден маданият үйүн куруп бүтүрсөкпү деп жатабыз», - деди ал.

Ал эми аксакалдар мурда бул жайда кинолор коюлуп жүргөндүгүн кошумчалашты.

«Биз атайын кино көргөнү маданият үйүнө келчүбүз. 10 жылдан бери каралбай кароосуз турат. Негизи бизде маданият үйү жетишпейт. Неберелерибиз дагы концерт көрүп жыргап калышат эле. Сыналгыдан көргөн башка, ал эми өз көзүң менен көргөн такыр башка болот да. Ушул маселени чечип беришсе жакшы болот эле. Эскилиги жетип, жараксыз болуп көрктү бузуп тургандан көрө заңгырап турган жакшы эмеспи. Эгер айыл элинин да жардамы керек десе колдон келген жардамыбызды берет элек», - деди аксакалдар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×