Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Талас облусуКара-Буура району 12.01.2020 15:40

Айыл турмушу: Г.Тургуналиева айылда чеберчилик кылып, цех ачууну пландап жатат (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районунун Арчагул айылынын 48 жаштагы тургуну Гүлмира Тургуналиева чеберчиликти аркалап келе жатат. Аймактык кабарчы аны таанышты.

Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча бычмачы.

«Кичинекейимден тигүүчүлүккө шыгым бар болгондуктан, чоңойгондо тигүүчү болом дегем. Тигүүчү менен бирге бычма жана сайма жагын дагы окуп бүтүп, 1989-жылдан бери иштеп келе жатам. Ортодон борбордо дагы иштеп көрдүм. Ал жакта айылга караганда жумуш кызуу жүрөт жана иштеген ылдамдыгыңа жараша маяна жогору төлөнүп берилет. Ал эми азыр айылда жашап жаткандан кийин тургундардын буйрутмаларын алып киреше табам. Көп жыл мурун 5 келин алып, команда түптөп, цех ачып иштегем. Бирок буйрутма аз болгонунан жабууга туура келген. Канча жылдан бери ушул иште иштеп, борбордогу иштерди дагы көргөндөн кийин тажрыйба топтоп эми кайрадан 10 адамга ылайыктап цех ачайын деп жатам. Цехтин пайдубалын тургузуп койдук. Тигүү цехин ачууга тигүүчүлүк менен алектенген адам гана умтулат экен. Азыр айыл ичинде атаандаштык аз. Эгер цех ачып иштесек, ага кеткен чыгымды 4-5 айда чыгарып алса болот. Тиккен кийимдер эксклюзивдүү, оригиналдуу болуш керек.

Чыптама 400 сомдон, халат 500 сомдон, куртка 500 сомго тигилет. Айымдардын көйнөктөрүн да тигип берем.1997-жылдары кийимдерди момосуй кездемеден тикчүмүн. Эл жакшы көрүп сатып алып кийишчү. Эми дагы ошондой болгон сапаттуу кездемеден тигип чыгарабыз. Кийим, буюмдун бардык түрлөрүн тигем. Тааныштарым «деги эмнени тиккенди билбейсиң» деп сурашат. Мен «окуусун окуп алган кесибиме хоббим кошулган» деп коём (күлүп). Бала бакчага демөөрчү чыгып, костюмдарды тигип берип жүрдүм. Айына 10 миң -15 миң сом табам», - деди ал.

Гүлмира айым 6 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×