Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Талас облусу, Талас 13.01.2020 10:16 На русском

Мекендештер: Стамбул шаары 31 жаштагы Назиранын көзү менен

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — 31 жаштагы Назира Биримкулова. Ал Талас облусунун Талас шаарында туулган. Учурда Түркиянын Стамбул шаарында окуп жана иштейт. Turmush басылмасынын кабарчысы мекендешибиз менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал Бишкек шаарындагы Кыргыз экономикалык университетинде менеджмент жана туризм багытында билим алган. Франциядагы Gastronomicom эл аралык мектебинде бир жыл окуган. Учурда Түркиянын Стамбул шаарындагы Бизнес башкаруу мектебинде (Executive MBA) магистратурада окуп жатат.

«Кыргызстанда университетти бүткөндөн кийин AIESEC студенттердин эл аралык уюму аркылуу 2010-жылы Стамбул шаарындагы жеке мектептердин биринде тажрыйба топтогом. Анда долбоор боюнча чет өлкөлөрдөн келген студенттер менен мектептерде англис тилинен айлана-чөйрөнү коргоо боюнча сабак өтчүбүз. Бул долбоордун алкагында Стамбул шаарында түркиялык үй-бүлө менен жашадым. Алар мени өз кызындай кабыл алышып, Стамбул менен кеңири тааныштырышкан эле. Ошондон бери түрк элинин маданиятын, Түркия өлкөсүн жактырам. Жети жылдан кийин кайра бул жерге келдим. Ага чейин Бириккен Араб Эмираттарында, тактап айтканда Дубай шаарында 6 жыл иштедим. Ошондо биз менен ишкешкен Стамбулдагы туристтик компаниянын өкүлү Дубайга келгенде мага жумуш сунуштап калды. Ошентип, бул жерге которулдум.

Өзүм магистратурада билим алууну кыялданып жүргөм. Ал тилегимди бул жерден орундаттым. Учурда Стамбул шаарындагы Бизнес башкаруу мектебинде магистратурада окуп жатам. Быйыл акыркы жыл болгондуктан азыр сынак тапшырып жаткан учурум», - деди Назира Биримкулова.

Ошондой эле ал Стамбул шаарынын эли ага кандай таасир калтырганын айтты.

«Стамбул аябай чоң шаар, калкынын саны 20 миллионго жакын. Туристтер дагы көп келишет. Парктары, токойлору, көлдөрү, деңиздери, султандардын сарайлары өзгөчө кооз. Шаарда ар кандай тематикада курулган кафелери бар, башка улуттарды, диндерди бир жерге чогулткан шаар деп айтсак болот. Тамактануучу жайларда, кафе жана ресторандарда, салондордо дагы көбүнчө эркектер иштешет. Аялдар аз гана кездешет. Ушул күнгө чейин жалаң аялдар иштеген чачтарач таба элекмин.

Жергиликтүүлөр туристтерге, башка өлкөлөрдөн келген адамдарга жакшы мамиле кылышат. Өзгөчө бизди боордош эл деп сыйлап турушат. Жардам берүүгө шашат.

Аба ырайы дагы мелүүн. Төрт сезондун ар бири өзүнө жараша кооз жана жайкысын абдан ысык эмес, кышында өтө суук болбойт. Ал эми таң калтырганы коомдук жайларда эркек кишилердин орун бошотуп бербегени жана хиджаб кийген кыздардын тамеки чегип отурганы болду», - дейт мекендешибиз.

Ал Түркиядагы кыргызстандык мекендештер менен дагы жолугуп турат.

«Бир жолу сиңдим бир аз көнүгүү болсун деп үйгө жөө басып келе жатып, жергиликтүү тургундан жолду сураса, "Ий, байкуш кызым, акчаң түгөнүп калдыбы? Жол кире берейинби?" деп сураптыр. Эли абдан сый келет жана жардам берүүгө шашып турушат. Түркияда кыргыз мекендештерибиз көп. Иш-чаралар болгондо чогулушат. Стамбулдагы мекендештерибиз менен кээде жолугушуп турабыз.

Бош убактымда китеп окуйм. Стамбулда көрбөгөн жерлерге барганга аракет кылам. Алдыга койгон максаттарым көп. Учурда окуудан тышкары бизнес жаатында дагы эмгектенип жатам. Дүйнөнүн ар кайсы жагында семинар жана бизнес-тренингдерге катышуу жана бизнес менен дин жаатында билим алууну улантууну пландап жатам. Мындан тышкары жакында үйлөнүү үлпөт тоюбуз болот. Үй-бүлөдө үч бир туугандын улуусумун. Үчөөбүз тең Стамбулда жашайбыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×