Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Талас облусуКара-Буура району 13.01.2020 17:46

Айыл турмушу: А.Мамазаева жаштыгында көп кыйынчылыкты жеңип, азыр балдарынын сыйын көрүп жатат (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районунун Бакайыр айылынын 63 жаштагы тургуну Асылгүл Мамазаева апа балдарын жалгыз чоңойтуп, азыр дөөлөттүү карылыкты өткөрүп жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Анын айтымында, жолдошу экөө классташ болушкан.

«Мен 1957-жылы ушул эле Бакайыр айылында туулгам. Ата-энем 8 балалуу болушкан. Алардын жолун жолдоп мен дагы 8 балалуу болдум (күлүп). Балалык чагымда жокчулукту жакшы эле көрдүм. Бирде ачка, бирде ток болуп чоңойдук. Ал кезде азыркыдай заман кайда болсун. Ата-энебиз күн-түн дебей балдарым ачка болбосун деп колхоздо иштешет. Ишке жарап калган балдары кол кабыш кылып жардам берип келдик. Мени ата-энем «кыз бала болгондон кийин билим ал, эртеңки келечегиң жакшы болот» деп окутушту. Кесибим боюнча эсепчимин. Бир канча жыл кесибим менен иштеп ардактуу эс алууга чыккам.

Турмушка өзүмдүн классташым Омаркул Мамазаевге чыккам. Экөөбүз 1978-жылы баш кошуп, чакан мамлекет түптөөгө бел байладык. Классташым болгондуктан ортодо жактыруу сезими болгон. Жакшы кызды башка айылга кетирбей, өзүбүзгө эле алып калалы деп мени алып калган экен. Ал убакта азыркыдай кымбат унаалар жок болчу. Экөөбүз сүйлөшүп эле бири-бирибизди жактырып, жакшынакай болуп унаага отуруп келип калганбыз. Биздин убакта тарбия күчтүү болгон. Жакшы көрүү сезимдерибизди көздөрүбүз менен гана түшүндүрүп сезе алчубуз. Ошентип экөөбүз колхоздо иштеп баштадык. Ал механик, мен эсепчи. Турмуштун ысык-суугун бирге жеңдик. 1979-жылы тун кызыбыз Аземди жарыкка алып келдик. Биринчи жолу наристени колго алганда башкача толкунданып, биз ата-эне болдук деп сүйүнгөнбүз. Жолдошум экөөбүз 5 кыз, 3 уулдуу болдук. 50 жашымда пенсияга чыктым. Колхоз тарап, элдин баары өз алдынча дыйканчылык менен алек болуп баштаганда мен эс алууга чыккам. 2012-жылы «Баатыр эне» наамына ээ болдум. Кыздарым өз турмуштары менен, уулдарымдын ортончусу үйлөнө элек. Калгандары өз үй-бүлөсү менен.

Жолдошум 2002-жылы келбес жайга кетти. Кыйынчылыкты бирге жеңип, жакшылыкты көрөр мезгилде жанымда жок болгону өкүндүрөт. Балдарыма атасынын ордуна ата да, апа да болдум. Эми минтип ар бир баламдын сыйын көрүп отурам. Жаш кезде мээнет кылып, карыганда дөөлөтүн көрдүм. Ар бир бала өз ырыскысы менен деген чын экен», - деди ал.

Асылгүл апа 20 неберелүү болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×