Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Талас облусу, Талас 13.01.2020 16:29 На русском

Таластагы активисттер Бишкекке баруу боюнча чакырыктарга каршы экенин айтып чыгышты

Таластагы активисттер
Таластагы активисттер

Turmush -  Бүгүн, 13-январь күнү Талас-АКИпрессте маалымат жыйын өттү. Маалымат жыйынга Талас облустук «6-7-апрель баатырлары» коомдук бирикмесинин төрагасы Кеңешбек Калматов, аталган коомдун Талас шаары боюнча координатору Сыргабек Молдобаев, Талас району боюнча өкүлү Жаныбек Бейшенов, «Айкөл Ала-Тоо» коомунун төрагасы Чолпонбай Рыскулбеков, бул уюмдун өкүлү Баратбай Мадалиев, «Бириккен элдик кыймыл» уюмунунун жетекчиси Рыскулбек Жанкорозов, «Талас эл ынтымак» кыймылынын өкүлү Каныбек Атпаев келишти.

Кеңешбек Калматовдун айтымында, учурда телефондон аларды Бишкекке чакырган каттар келип жатат.

«Бул жерге Талас облусундагы 10 уюмдун өкүлдөрү келдик. Бизге смс-кат аркылуу «Талас жаштар саясий кыймылы» деген кыймылдан 14-январь күнү Бишкек шаарына жыйынга келгиле деген чакыруулар келип жатат. Биз бул көрүнүшкө каршыбыз. Бишкек шаарында жатып алышып Таластын тагдырын чечишеби? Ал жерде жер үлүштөрү жана Жерүй кенинин зыяндуулугу боюнча маселелер тууралуу сөз болот деп жазылып жүрөт. Биз шартыбызга жараша Бишкек шаарына бара албайбыз. Ушундай кам көрүп, чын эле зыян же зыян эмес деген далилдери болсо Таласка келип жыйын өткөрүшсүн. Биз колдоп, бардык жагынан жардам беребиз. Жыйын кылганга шарттарын да түзүп беребиз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×