Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Талас облусуМанас району 13.01.2020 17:16

Таластык окуучу А.Рыскулбеков президенттик балатыдан алган китептерин башка окуучуларга таратып берди

Turmush -  Бүгүн, 13-январда Манас районунун Бала-Саруу айылындагы мектептин окуучусу Атай Рыскулбеков президенттик балатыдан алып келген китептерин мектеп окуучуларына таратып берди. Бул тууралуу башталгыч класстын мугалими Жылдыз Мураталиева билдирди.

Анын айтымында, ага катар китептер көргөзмөсү уюштурулду.

«Атай Рыскулбеков 3-класстын окуучусу. Алдыңкы окуучу болгондуктан мектептин атынан президенттик балатыга катышып келген. Алып келген түрдүү китептерин мектеп окуучулары менен бөлүштү. Ага катар мааниси терең китептердин көргөзмөсүн уюштурдук. Балдарды интернет эмес, китепти сүйүп, аны окууга чакырдык», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×