Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Талас облусуБакай-Ата району 14.01.2020 11:22

Айыл турмушу: Бакай-аталык Каныбек уста 6,5 миң сомдук каалгаларды жасап сатууда (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылынын 68 жаштагы тургуну Каныбек Андакулов устачылыгы менен элге кызмат кылып келет. Аймактык кабарчы уста аксакал менен менен таанышты.

Анын айтымында, учурда каалгаларды жасап жатат.

«1992-жылга чейин айылдагы №41 лицейде башкы мастер болуп иштедим. Кийин союз тараган маалда иштебей, дыйканчылык менен алек болуп кеттим. Жаш кезимден эле жыгач устачылык хоббим болчу. Бул нерсени хобби катары көрчүмүн. Өзүм үчүн деп керектүү буюмдарды жыгачтан жасап койчумун. Бир айылда жашагандыктан коңшу-колоң деген бар эмеспи. Алар менин кылган ишимди көрүп, буйрутма берип баштады. Ошентип отуруп эле жыгач устачылыкка ооп кеттим. Азыркы учурда атайын бөлмөм бар. Күнүм кечке ошол бөлмөдө өтөт. Эл бири-биринен угуп отуруп буйрутмалар көп түшө баштады. Көбүнчө терезе, каалга жасайм. Таластын баш-этегинен келип буйрутма берип кетишет. Бир эшикти 3 күн аралыгында жасап бүтөм. 10 эшик буйрутма берсе 1 жуманын ичинде жасап бүтүрөм. Алгач бардык материалдарды даярдап алып, анан жасап баштайм. Материалдарды атайын Бишкектен сатып алам. Россиядан келген карагайлардан жасайм. Алардын 1 кубун 14,5 миң сомдон сатып алам. Жасаган каалгаларым экиге бөлүнөт. Бири боёгу жок эшиктер, алар 4,5 миң сомдон. Ал эми боёлгон, айнектери салынган болсо 6,5 миң сомдон өйдө болуп калат. Квадрат метри 2 миң сомдон айланат.

Устачылык кылып жатканыма быйыл 25 жыл болду. Ушул өнөрүм менен балдарды окутуп, жогорку билимдүү кылдым. Өзүм кызыккандыктан бул ишти таштай албайм. Картайган маалда жаштардан кем калышпай иштейм. Бул менин ден соолугума жакшы. Картайган сайын кыймыл канчалык көп болсо, ошончолук ден соолукка жакшы эмеспи. Мага жаз айынан күз айына чейин буйрутма келип турат. Ал эми кышкысын эрте жазгыга керек деп ар кандай буйрутмаларды алдын ала бере беришет», - деди ал.

Уста 2 кыз, 1 уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×