Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Талас облусуБакай-Ата району 14.01.2020 14:00

«Эркек бала төрөңүзчү, төө буурчак жулганга балдар керек»: 35 жаштагы Нурзат Чойбекова 7 баланын чоңойтууда. Сүрөт

Turmush -  Бакай-Ата районунун Наматбек айылынын 35 жаштагы тургуну Нурзат Чойбекова айым учурда 7 баланы тарбиялап жатат. Аймактык кабарчы баатыр эне менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, жолдошу Молдогараев Нурдин 39 жашта. Экөө тең бир айылда чоңойгон.

«2001-жылдан бери үй-бүлө болуп, бирге түтүн булатып келе жатабыз. Жолдошум үй-бүлөдө 7 бир туугандын кенжеси: 4 уул, 3 кыз. Мен дагы 7 бир тууганмын: 4 уул, 3 кызбыз. Экөөбүздүн ортобузда 7 балабыз бар: 5 уул, 2 кыз. Негизи чоң энем азыркыга чейин «көп балалуу болгула, эң аз дегенде 6 балалуу болуш керек» деп көп айтат. Ошол адамдын сөзүнө таасирлендимби же кудайдын берген белегиби, айтор мен да көп балалуу болдум. Келин болуп келгенден 1 жылдан кийин уулдуу болдук. Сүйүнүчүбүздө чек жок. Андан кийинкилерин удаасы менен төрөп, 2 баламдын ортолорун узагыраак кылып төрөдүм. Азыр эң улуу балабыз студент. Келечекте дүйнөгө таанылган балбан жигиттердин бири болсом деп кыялданат. Ал эми кенжебиздин тили бал болуп турган маалы.

Жетинчи балам боюмда барында экинчи балам Ырыскелди «Апа, ичиңиздеги алдей эркек бала болсунчу. Төө буурчак жулганга эркек балдар көп болгону жакшы экен. Биз дагы көп болсок талаага чогуу барып, төө буурчак жулуп келет элек. Көп болуп иштеген жакшы да. Бизге эркек бала эле төрөп бериңизчи» деп айтканы эсимден кетпейт. Ошол айткандай эле уулдуу болдук. Ошол балам «Биз эми 5 бала болдук. Өзүбүз эле талааны бүтүрүп коёбуз» деп өзгөчө сүйүнгөн.

Ар бир баламдын ар түрдүү кыял-жоруктары, кулк-мүнөздөрү бар. Ар бирине мүнөзүнө жараша мамиле жасайбыз. Атасы экөөбүз көп нерселерди үйрөтүп, колдон келген колдообузду көрсөтөбүз. Чоң апасы көп акыл-насаатын айтып келет. Үй-бүлөбүз менен намаз окуйбуз. Апам ажы, жолдошум да ажы. Экөө 2016-жылы ажыга барып келишкен. Балдарыбызга дин жагынан да сабак берип келебиз. Биринчи орунга маданияттуулукту, адамгерчиликти көп айтабыз. Ошондой эле эмгекчилдикке да үйрөтөбүз. Талаа жумуштарын кылдырып, эмгек менен нан таап жегенди билишсин дейбиз. Өзүбүз дыйканчылык менен алек болобуз. Өзүм бөлмө гүлдөрүн багууга кызыгам. Үйдүн көркүн балдар жана гүлдөрүм ачып турат. Эң башкысы карысы бардын ырысы бар дегендей эле чоң апабыздын орду абдан бийик. Балдарымдын баарын багышып, акыл-насаатын көп айтып жардам берип келди», - деди ал.

Нурзат айымдын уул-кыздары:

- Молдогараев Абубакир 2002-жылы төрөлгөн;

- Молдогараев Ырыскелди 2004-жылы төрөлгөн;

- Иванова Айназик 2006-жылы төрөлгөн (фамилиясы чоң атасынын атынан);

- Иванова Айтунук 2008-жылы төрөлгөн (фамилиясы чоң атасынын атынан);

- Молдогараев Абидин 2010-жылы төрөлгөн;

- Молдогараев Абдулазим 2015-жылы төрөлгөн;

- Молдогараев Мухаммедали 2017-жылы төрөлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×