Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Талас облусуБакай-Ата району 15.01.2020 09:50

Мекендештер: Б.Темирбеков ата-энесинин чакыруусу менен Америкага барып, жүк ташуучу унаа айдап жатат (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районуна караштуу Ынтымак айылында чоңойгон 24 жаштагы Баяман Темирбеков 4 жылдан бери АКШнын Филадельфия шаарында жүк ташуучу унаа айдап иштеп жатат. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Анын айтымында, Америкага 2016-жылы июнь айында келген.

«Ата-энем Америкада болгондуктан мени да бул жакка чакырышкан. Үй-бүлөдө 4 бир тууганбыз. 3 бир тууганым Кыргызстанда. Буйруса келечекте Кыргызстанга барып, спорт менен машыксамбы деген ойлорум бар. Кыргыз күрөшкө кичинемден кызыгам. Атам кыргыз күрөш менен күрөшчү экен. Кыргызстанда жүргөндө спорт менен машыккам. Бул жакта кыргыздар жыл сайын чогулуп, ар кандай чемпионаттар болуп турат. Ошого катышам.

Азыркы учурда фура айдап иштейм. Жаңы келгенде бир үйдүн чатырын жаап иштеген элем. Бул жакта аба ырайы ысык болгондуктан сууга муз кошуп ичкендерди көргөм. Мен дагы муз кошуп ичип алып, ичим ооруп жатып калган элем. Фураны жаңы айдып иштеп баштаганда алыс штаттарга сапарга чыгып, тоолуу жактардан унаам тыгылып калып, компанияларга 1 жума карыз болуп калып иштегеним эсимде. Тыюу салынган жерлерге кирип кеткен учурлар болуп, Кыргызстанга кетким келген болчу (күлүп). Азыр унааны ижарага алып иштейм. Маянам болсо ар кандай. Жумасына 1000-1500 доллардын тегерегинде болуп калат. Азыр эң кирешелүү тармак ушул фура айдоочулук жагы экен», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×