Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Талас облусуКара-Буура району 15.01.2020 11:05

Жаш талант: 16 жаштагы балбан Н.Тууганбеков күрөштө ийгиликтерди жарата баштады (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районуна караштуу Шекер айылынын 16 жаштагы тургуну Нурболсун Тууганбеков эркин күрөш жана грек-рим күрөшү менен машыгып, ийгиликтерди жарата баштады.

Өзүнүн айтымында, учурда 10 грамота, 9 медалдын ээси.

«Спорт менен 3 жылдан бери машыгып келем. Алгач классташ балам спортко бар деп сунуш киргизген эле. Ошондон бери спорт менен алектенип жатам. 3 жылдын ичинде бир топ ийгиликтерге жетише алдым. 2018-жылы май айында Жалал-Абад шаарында Кыргызстандын чемпионаты болуп, анда 1-орунду алып келгем. Мелдештерде 75 кг салмакта күрөшөм. Учурда 10 грамота, 9 медалдын ээсимин. Келечекте Олимпиаданын чемпиону болгум келет.

Ата-энем спортко катышуума каршы болгон эмес. Азыр карындашым да күрөшкө барып жатат. Ата-энем карындашымдын спортко аралашуусуна каршы», - деди ал.

Балбан жигит үй-бүлөдө 4 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×