Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Талас облусу, Талас 15.01.2020 12:30 На русском

30 миң стипендия, экзаменде ажырашпаган ата-энелер, катуу сүйлөгөндөр: Кытай А.Эсенжанованын көзү менен (сүрөт)

Turmush -  Талас шаарында чоңойгон 25 жаштагы Айза Эсенжанова Кытайдын Аньшань шаарындагы педагогикалык университетте бюджеттик негизде магистратурада билим алууда. Аймактык кабарчы мекендештен кабар алды.

Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча бала бакчада тарбиячы болот.

«Быйыл Кытайда окуганыма 6 жыл болду. Бишкекте Улуттук университеттин лицейинде англис жана кытай тилдерин окучумун. Жакшы окуганым үчүн Кытайда окуганга мүмкүнчүлүк берилген. Бул жакта 4 жыл окуп, Кыргызстанга кайтып баргам. 1 жыл Кыргыз Республикасынын Улуттук изилдөөлөр институтунда котормочу жана илимий кызматкер болуп иштедим. Жумушум кызыктуу болчу. Бирок ага чейин Кытайда магистратурага документтеримди тапшыргам. Кийин окууга өткөндүгүм жөнүндө кат келди. Ошондуктан окуумду улантууну чечтим. Бакалавр учурунда бюджетте окучумун, бирок стипендия жок болчу. Азыр магистратурада бюджетте окуйм, стипендия 30000 сом. Батир, камсыздандыруу бекер.

Кызыктуу окуялар башымдан көп өткөн. Негизи Кытайда бир шаардан башка шаарга паспорт жок өтө албайсың. Башка өлкөдө маданият башка, тил башка. Ошондуктан кызыктуу окуялар болот. Мисалы, биз жаңы келгенде көп жерлерди билчү эмеспиз. Ошондуктан бир базарга барып эле кийим ала берчүбүз. Ал кийимдер бизге аябай арзан сезилчү. Башында айткан баасына алып кете берчүбүз. Кийинчерээк досторубуз кытайлар менен соодалашуу керек деп үйрөттү. Мисалы, 200 юанга (2000 сом) бир кийим айтса, соодалашсак 100 юанга берет. Бизге аябай арзан берди деп сүйүнүп алып кетчүбүз. Азыр ойлосом ошол кийимдерди эки эсе кымбат алыптырбыз.

Кытайлар негизи меймандос келишет. Башка улуттагы студенттерге жакшы мамиле кылышат. Бирок кытай элинин маданияты биздикинен айырмаланат. Аларды жакшы таанып билүү үчүн убакыт керек. Анткени ойлорун түз айтышпайт. Ошондуктан жаңы келгенде тилди билбегендиктен эмес, маданиятын түшүнбөгөндүктөн дагы көп кыйынчылыктар болчу. Бул жакта ар бир адамдын жашоосу телефон менен тыгыз байланыштуу. Телефон жок болсо жашоо да жок. Бул жакта акчаны телефондо сакташат. Билеттердин, тамактын, кийимдин акчасын телефон аркылуу төлөп кое алышат. Элдер бул жакта катуу сүйлөгөнгө көнүп калышкан. Өзгөчө тамак ичкен жайларда, автобуста жана башка жерлерде көп адам чогуу отурса аябай катуу сүйлөшөт. Жаңы келгенде урушуп жатышат деп ойлочумун. Кийин көнүп калдым.

Кытай студенттеринин арасында окугандары бар, сабакка келбегендери да бар. Бирок негизинен айтканда көбү эле окууга аракет кылышат. Анткени ата-энелери үчүн экзамендин упайы маанилүү. Ата-энелери баласы жакшы окуп, жакшы окуу жайга өтүшүнө аябай аракет кылышат. Мисалы, мектепти бүткөн окуучулар биздин жалпы республикалык тестирлөөдөй эле сынак тапшырышат. Эгер айрым ата-энелер сынакка чейин ажырашууну пландап жаткан болсо, сөзсүз түрдө баласынын экзамени бүткөндөн кийин ажырашат. Себеби баласына тоскоол болууну каалашпайт. Университеттин китепканасы ар дайым студенттерге толуп турат. Өзгөчө магистратурага бара турган студенттер күндө китепканадан чыгышпайт.

Бош убакта котормочулук менен алектенем. Макалаларды которгонго буйрутма алып калам. Азырынча пландар көп. Бирок окуумду аяктаганга дагы 1 жылдан ашык убакыт бар. Ошондуктан чече элекмин. Бирок «Америкада окугандар дипломат болушат, Кытайда окугандар бизнесмен болушат» деп тамаша кылышат го. Ошол сыяктуу мен деле бизнес жагын тандасам керек. Азыр интернет дүкөн ачып жатам. Бул багытта жаңы иштеп баштадым. Ошондуктан акыркы убакта бош болгондо көбүнчө кийим тандоо менен алекмин», - деди ал.

Айза үй-бүлөдө 4 бир туугандын экинчиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×