Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Талас облусуБакай-Ата району 15.01.2020 14:10

Айыл турмушу: Таластык М.Эсеналиев устачылык кылып, аары багып да киреше табат (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Кызыл-Сай айылынын 43 жаштагы тургуну Мелис Эсеналиев устачылык менен алектенип жатат. Аймактык кабарчы уста менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, дарбаза, меш жасап, үйлөргө жылытуу системаларын киргизет.

«Кичинекейимден жыгач устачылыкка кызыкчумун. Азыркы кезде жыгачка кошуп темир ишин дагы кошо алып келе жатам. Таякелерибиз уста кишилер болгон экен. Таенем менин эмгектеримди көрүп, «таякелериңди тарткансың» деп айта берчү. Темир жумуштары көбөйүп калды. Себеби андан колдонулган буюмдар көп. Дарбаза, меш жасап, үйлөргө жылытуу системаларын киргизем. Дарбазаны 3 күндө жасап, 1 күндө орнотом. Материалы менен кошкондо 5000 сомдон 30000 сомго чейинки дарбазаларды жасайм. Жылына 30 үйдүн жылытуу системасын киргизүүгө үлгүрөм. Жылытуу системанын мешин өз алдымча ойлонуп жасагам. Ойлогонум ишке ашкандан кийин элден буйрутмалар келе баштады. Мында мору титан сыяктуу болуп, суу менен толтурулат. Морлор катуу ысыганда темирлери жарабай калып, чыгым көп болуп, кайрадан оңдотуу керек болчу. Ошондой болбосун деп ушул мештерди жасаткандар көп. Бул мештердин материалы өзүмдөн чыкканда 20000 сомго жасалат. Сезондо устачылык менен 200 миң сомдон ашып киреше табам.

Ар тараптан иш кылбасак бир дыйканчылыкты карап отурууга болбойт экен. Андан тышкары карпатка жана карпинка породасындагы бал аарыларды багам. Бир туугандарым менен 70 үй-бүлөнүн тегерегиндеги аарыларды багабыз. Жылына 1 тоннадан ашык бал алам. Бал аары кармоо — чоң илим экен. Түйшүк болбосо береке болбойт дегендей, мээнет кылып пайдасын көрүп жатам. Былтыр бал фестивалынан 1-орунду алганбыз», - деди ал.

Мелис уста 6 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×