Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Талас облусуКара-Буура району 15.01.2020 15:31

Айыл турмушу: Кара-бууралык мүнүшкөр А.Камалов алгыр куштарды таптап, бирок жаз келгенде кое берет (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районунун Арчагул айылынын 60 жаштагы тургуну Абдималит Камалов мүнүшкөрлүк менен алектенип келе жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, эл аны Абен деп атайт.

«Куш салганыма бир кыйла жылдар өттү. Куш салуу – бул менин кызыгуум. Кичинекейимде айыл аксакалдары куш салышчу. Аларды көрүп кызыгуум артып, берилип үйрөндүм. Мунун билип алчу жагдайлары көп. Адегенде куштун түрлөрүн билишибиз керек. Менин кармаганым көк куш болуп саналат. Аларды сентябрь айынан жазга чейин кармап, апрель айында учуруп жиберем. Алар дагы балапан чыгарып, өзүнүн жашоосун уласын дейбиз. Булар келгин куштар. Ошондуктан келип, кайра кетип жүрө беришет. Буларды токой жээктеп кечинде дарактан кармоого болот. Алардын кайсы жерде бар экенин каргалар билдирип коюшат. Анткени куштун бирден бир жеми карга болуп саналат. Алар алыстан кушту көрүп, бакырып үн беришет. Ошонун негизинде кылтак менен кармап, үйгө алып келип, колго көндүрөм. Кушка дагы өзүбүз жеген адал эттен берем. Анткени алар сыйга татыктуу канаттуулардын бири. Колго көнүп калгандан кийин өзү ээсин ээрчип учуп калат. Өзүнөн чоң жандыкты кармайм деп калат. Көбүнчө тоодактан бөдөнөгө чейин кармап, олжолуу болушат.

Азыр маал-маалы менен талаа-түзгө чыгып куш салам. Үйдө болгон кезде тамактануусуна өзгөчө көңүл буруп, туздалбаган эт берем. Этти көп жеп алса дагы семирип учпай коёт. Ошондуктан өлчөмү менен берип турам. Жылына үйгө куш кармайм. Анын олжосуна кызыкканым жок. Кумар үчүн багып, кайра коё берем. Булар Кызыл китепте болгондуктан алардын көбөйүшүнө жол беришибиз керек», - деди ал.

Мүнүшкөр 5 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×