Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Талас облусуТалас району 15.01.2020 16:46 На русском

«Медет байке, мен качтым»: Таластагы аңчылык, 1 млн сом айып, сакчынын коопсуздугу. Сүрөт

Turmush -  Кара-Буура районунун Чоң-Кара-Буура айылынын 57 жаштагы тургуну Медетбек Жаманкулов 3 жылдан бери жаратылыш сакчысы болуп иштеп жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча зооинженер. Азыркы учурда Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Талас өкүлчүлүгүнүн Кара-Буура районунун егери.

«Айлыгы аз болсо да өзүм бала кезден сүйгөн кесибим. Аскерге барып келген соң биолог, аңчы деген кесипке ээ болгум келчү. Бирок ал кезде бул адистикти окутуу Киевде гана бар экен. Ал кезде бойдок элем. Кыялыма жетем деп бойдок Чаткалга барып, жалгыз жашап, 1982-жылдан 1985-жылга чейин егер болуп иштедим. Ал жактан окуу үчүн жолдомо алып баргам. Бул жакта жумушка киргенимдин себеби өзүмдүн айланамда жаратылышты коргогум келди. Мергенчиликке документтеримди топтоп мыйзамдуу чыгып жүрчүмүн. Ошол учурда көп браконьерлик кылгандарды көрдүм. Алардын ар бир жолун, амалын билем. Сынактан ийгиликтүү өтүп, иштеп калдым. Жумушта көйгөйлөр көп. 5000 сом айлык менен 63 миң гектар жерди кайтарам. Биздин жумуш деле милиционерлердикиндей. Алар дагы кылмыштуулук менен күрөшөт. Бирок 15-20 миң сомдон айлык акы алышат. Биз мылтыкчан браконьерлер менен күрөшөбүз. Учурда аркар, кулжа аткандарга 1 млн сом айып салып койду. Аткан адамды кармап алсак, ошол 1 млн сом үчүн ээн талаада бизди аман калат деп ким кепилдик берет? Биздин жаныбыз темирден. 5 миң сом айлык алып, 1 литр бензини жок эле ушунча жерди кайтарабыз. Көп адамдарга жаман көрүнөбүз. Ушундай кыйынчылыктарга карабай сүйгөн кесибиң болсо чыдайт экенсиң. Жаратылышта жүргөндө эс аласың. Таза аба, жаныбарлар ойноп жатканын көрүп ырахат аласың.

Бизде жумушта кызыктуу окуя көп болот. Бир жолу айылдан «унаа менен келген адам менен кекилик атып жүрөт» деп чалуу келди. Бизде 3-4 жылдан бери кекилик атууга тыюу салынган. Бул жактан балдарды ээрчитип чыктым. Постко барып күтүп турсам жок. Анан изине түштүм, унаасы менен алдымдан чыкты. Токтотсом «Медет байке, мен качтым» деп кайра артка айдап качып жөнөдү. Артынан 1 сааттай кубаладык. Акыры кармап текшерсек, эч нерсеси жок. «Анда эмне үчүн качтың?» деп сурасам, «жөн эле качтым» деди. Аркасынан кайрылып кеткендей болдук да, өзү качкан жерлерди текшерүүгө алдык. Издеп жатып атылган кекиликтерди таап алдык. Бекитип койгон экен. Кийин жолукканда «сизди көргөндө коркуп, эмне айтарымды билбей ошондой кылдым» деп күлдү эле.

Кээде балык кармап жүргөндөрдүн жанына өзүм да балыкка чыккандай кийинип алып барып «Канча кармадың? Бүгүн жакшы бекен?» деп сурайм. Ал айтып, бир тамеки чеккен соң гана колго түшкөнүн айтам (күлүп). Башын чайкаган бойдон кетишет», - деди ал.

Жаратылыш сакчысы 5 кыз, 1 уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×