Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-февраль
Талас облусуКара-Буура району 17.02.2020 17:35

Айыл турмушу: Кара-бууралык У.Жанышбеков 20 жылдан бери асыл тукум жылкыларды багып келет (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районунун Ак-Жар айылынын 42 жаштагы тургуну Усманбек Жанышбеков 20 жылдан бери асыл тукум жылкыларды багып келет. Аймактык кабарчы саяпкер менен таанышты.

Анын айтымында, атасы Жанышбек Байызбеков дагы ат таптайт.

«Саяпкердин баласы саяпкер болот деген чын экен. Бала кезимден эле ат чаап жүрдүм. Кийин 10-класстан баштап улак тартышка катышып баштадым. Атам өзү 1998-2000-жылдары көк бөрү боюнча «Манас-Талас» командасын жетектеп келген. Ошол убакта улакка чабылуучу аттарды көбөйтүп алганбыз. 1994-жылы Талды-Булактан Искендер Осмонкуловдун үйүнөн таза кандуу 4 тай алып келгем. Ошол убакта мал базарда тайлар 5 миң сомдон сатылып жаткан. Биз атайын үйүнө барып, ар бирин 27 миң сомдон сатып алганбыз. Кийин башын көбөйтүп алдык. Арасында байгелүү орундарды алып келе жаткандар бар. Учурда байгеге ат чабабыз. Көбү Ош жана Жалал-Абад облустарына сатылып кетти.

Атамдын жолун жолдоп мен дагы 20 жылдан бери асыл тукум жылкыларды багып, күлүктөрдү таптап келем. Убагында жакшы чуркап, байгелүү орундарга жеткен Торкашкам 9 жашта. Кулун кезинде 17 миң долларга сурап келишкен. Баасы жок, сатылбайт деп сатпай койгом. Азыр айгыр кылып, үйүргө кошуп жатабыз. Балдарын чаап, четинен сатып жатам. Ар биринин өзүнүн баалары бар. 2 миң долларга чейин сатам. Учурда тууй турган 15 баш бээ бар. Ал эми улакка чаап, даярдап жүргөн 8 күлүк бар. Айгырларды жазында үйүргө салабыз. Жайында алып келебиз. Жылкылар жайытта жүрөт. Күзүндө чабыла тургандарды жайында алып келип багабыз. Кээ бир аттар жайы-кышы колдо багылат.

Өзүм кесибим боюнча юристмин. Тилекке каршы бул кесибим менен иштеген жокмун. Ал эми 3 жыл мурун экинчи кесиптин ээси болдум. Ал кесибим мал доктур. Өзүбүздүн малды кароого атайын бир ветеринар керек деп, окуусун бүтүп алгам. Өзүбүздүн малды өзүм дарылып, ийне сайып турам. Малдын эбин таба билиш керек. Саяпкер болуу оңой эмес. Бирок кызыгууң күч болсо бат эле жолго салып аласың.

15 гектар жерге буудай өстүрөм. 5 гектарынын түшүмү малга берилет. Атайын аттар үчүн 5 гектарга арпа, чапкан аттарга деп 1 гектарга сулу өстүрөм. Атам саяпкер болгондуктан көптү билет. Ал кишиден кеп-кеңеш алып турам», - деди ал.

Усманбек саяпкер 3 уул, 2 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×