Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Талас облусуБакай-Ата району 04.04.2014 14:11

Талас эли сатылган жок, таластыктардын курсагы ток, - укук коргоочу Т.Үмөталиева

Turmush -  Укук коргоочу, коомдук ишмер Токтайым Үмөталиева Талас өрөөнүндөгү кен казуу иштерин жүгүзүүгө каршы. Мындай пикрин ал бүгүн, 4-апрелде АКИpress агенттигиндеги маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Шарылжын маселеси бүгүн эле башталган жок. «Буга чейин эл тарабынан бул маселеге байланышкан бир катар кайрылуулар болгон. Ушул жылдын февраль айында тиешелүү тарап текшерип чыгуу үчүн чечим чыгарган, бирок эч кандай жыйынтык болгон жок», - деди Т.Үмөталиева.

«Шыралжын» кенинин айынан эл зыян тартып жатат, деген укук коргоочу «эл сатылып жатат», деген сөздөрдү жокко чыгарды.

«Эл сатылган жок. Талас элинин курсагы ток. Быйыл төө бурчактын баасы 100 сомдон ашканы жакшы нерсе, бирок экология алган зыяндан кийин, ошол түшүмдү жыйнай алабызбы?», - деп суроо койду Т.Үмөталиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×