Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Талас облусу 16.04.2014 18:14

Таласта Жогорку Кеңештеги депутат айымдардын квотасын 50%га чейин көтөрүүнү сунушташты

Turmush -  Бүгүн, 16-апрелде Жогорку Кеңештин депутат айымдарынын форумунун кезектеги жыйыны өттү.

ЖКнын басма сөз кызматы билидиргендей, жыйынды ачкан Форумдун координациялык кеңешинин төрайымы Гүласал Садырбаева коомчулукту өнүктүрүүдөгү парламентаризмдин маанисин, бул процесстеги аялдардын ордун белгилеп, жергиликтүү кеңештердин айым депутаттары тушуккан көйгөйлөрдү иликтөөдө аймактарга парламенттин депутат айымдарынын чыгуу мүмкүнчүлүгүнө оң баасын берди.

Депутаттар Майрамгүл Тиленчиева, Элмира Жумалиева, Майрамкан Кадырбекова Талас облусунун Кара-Буура районуна болгон иш сапары тууралуу маалымат беришти.

Жолугушууларда жергиликтүү кеңештердин айым депутаттары тарабынан пенсиялар менен жөлөкпулдардын өз маалында берилбей жаткандыгы, мектептер менен бала бакчаларды капиталдык ремонттон өткөрүү зарылдыгы, медициналык мекемелерде врачтардын жетишсиздиги сындуу көйгөйлөр көтөрүлгөндүгү белгилүү болду. Социалдык маселелерди натыйжалуу чечүү үчүн, Кара-Буура районунун жергиликтүү кеңешинин айым депутаттары Жогорку Кеңеште депутат айымдардын квотасын 50%га чейин жогорулатууну сунушташкан.

Жолугушууда Кыргызстанда парламентаризмди бекемдөө, Депутат айымдардын форуму үчүн потенциалдуу мүмкүнчүлүктөр боюнча ЮСАИД Программасынын Изилдөө фондунун бетачары болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×