Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Талас облусуТалас району 30.04.2014 14:11

БШК Талас районундагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо күнүн бекитти

Turmush -  Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда Талас облусунун Талас районундагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо күнү — 19-майга бекитилди.

Бүгүн, 30-апрелде БШКнын басма сөз кызматы билдиргендей, Талас районунун мамлекеттик администрациясынын жетекчиси-акиминин ушул жылдын 24-апрелиндеги буйругу менен Арал айыл өкмөтүнүн жетекчиси Н.Абдылдаев өз каалоосу менен ээлеген кызматынан кетүү жөнүндө арызынын негизинде бошотулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×