Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Талас облусу 20.09.2014 13:59

Таласта дин боюнча туризмди өнүктүрүүгө сунуштар түшүүдө, бирок колдогон жокпуз, - М.Чакиев

Turmush -  Бул жылы Ош, Талас жана Нарын облустарындагы туризмдин өсүүсү 10%ды түздү, деди маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Максат Чакиев ЖКнын «Ар-Намыс» фракциясынын кечээ, 19-сентябрдагы отурумунда.

Мурдараак маалымдалгандай, отурумда М.Чакиев маданият, маалымат жана туризм министри кызматына талапкер катары каралууда.

Анын айтымында, Нарын облусу экотуризм боюнча потенциалга ээ, ал эми Талас облусу маданий бөлүк боюнча.

«Талас облусунда дин боюнча туризмди өнүктүрүүгө сунуштар түшүүдө. Бирок, биз азырынча бул сунушту колдобойбуз», - деди М.Чакиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×