Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Талас облусу 12.11.2014 14:00

КСДПнын атайын комиссиясы Таластагы өкүл К.Курманалиеванын ээлеген кызматына татыктуулугун кароону сунуштоодо

Turmush -  Жогорку Кеңеште атайын түзүлгөн комиссия өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Койсун Курманалиеванын ээлеген кызмат ордуна шайкеш келүү маселесин кароону сунуштоодо.

Бул тууралуу КСДП фракциясынын Таластагы төө буурчакты өндүрүү жана экспорттоо маселеси боюнча түзүлгөн атайын комиссиясынын төрагасы, депутат Данияр Тербишалиев аталган комиссиянын маалыматын караган фракциянын кечээ, 11-ноябрдагы кезексиз отурумунда билдирди.

Комиссиянын жыйынтыгына ылайык, К.Курманалиева фермерлерге компетенттүү маалымат берген эмес, жергиликтүү дыйкандар үчүн төө буурчакты ортомчуларсыз сатууга шарт түзүлгөн эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×