Turmush — Айтматов районунун Бейшеке айылы 1921-жылы негизделген. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына жергиликтүү тургундар маалымдады.
Алардын айтымында, айыл «Маймак» темир жол станциясынан 85 км алыстыкта, Сарымсакты бөксө тоосунун этегинде жайгашып, 1500гө жакын адам жашайт.
«Айылдын аталышы айылдын жогорку жагындагы булактарга барып такалат. Анткени Кара-Суу, Балыкчы булак суулары айылдын бардык бөлүгүн аралап өтөт. Ата-бабаларыбыз бул аймакка суу көп болгондуктан жайгашкан. Жашоого эң ыңгайлуу экен, бул жер бейиш экен деп жүрүп, бара-бара Бейшеке деп аталып калган», - деди айылдыктар.
Айылдын аталышы боюнча экинчи уламышка караганда, бул аймакта элге жардам берип, жоодон коргоп турган 5 бир тууган жашаптыр. Элине кызмат кылган уулдарын айыл эли «Беш аке» деп аташыптыр. Бул айылдан башка айылга барган кезде «кайдан келдиң?», дешсе «Беш акенин жеринен» деп жооп беришчү экен. Андан улам Беш аке сөзү Бейшеке болуп өзгөргөн.
Ал эми, үчүнчү уламыш боюнча айылда Бейшеке деген баатыр болгон. Айылдыктар азыркы тапта да Бейшекенин дөңү, Бейшекенин кыштоосу, Бейшекенин жайлоосу деген аймактар бар дешет. Бул аймак Киров суу сактагычынын жээгинде, Талас—Тараз—Суусамыр унаа жолунун боюнда жайгашкан. Айылдын эли негизинен мал чарба жана дыйканчылык менен алектенишет. Айылда орто мектеп, фельдшердик-акушердик пункт, китепкана бар.