Turmush — Таластагы Жерүй кенин иштеткен «Альянс Алтын» компаниясынын алдында түзүлгөн «Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду айыл чарбасын жогорулатуу максатында фермерлерге, дыйкандарга ар кандай жардамдарды берип келет. Алардын бири — социалдык долбоор катары эки жылдан бери ишке ашып келе жаткан жогорку сапаттагы үрөн уруктарды дыйкандарга жайылтуу. Кен жайгашкан Бекмолдо айыл өкмөтүнөн кайрылган дыйкандарга жазында 14 тонна картошканын уругу таратылып берилген.
«Альянс Алтын» өнүктүрүү фондусунан билдиргендей, мындай долбоорлор 3 тараптуу пайдасын берет.
«Биз 2 жылдан бери Бекмолдо айыл өкмөтүнөн кайрылган дыйкандарга мыкты сапаттагы 14 тонна картошканын уругун таратып берүүдөбүз. Дыйкандар кайрадан түшүмдөрүн жыйнаганда алган көлөмүнөн эки эселеп кайтарып беришет. Ал кайтарылган картошка Таластагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, балдар үйүнө, муктаж болгон социалдык мекемелерге таратылып берилет.
Үч тарап пайда көрөт дегенибиз, биринчи тарап — 1 тонна урук алган дыйкан 10 тоннадай түшүм алат. Экинчиси — жогорудагы картошка жардам катары таратылган тараптар. Үчүнчүсү — биз алып берген жакшы урукту дыйкандар айылдаштарына жыйылтып, алар дагы мык уруктар менен камсыз болушкан», - деп айтылат маалыматта.
Мындай долбоор менен Талас районунун картошка чарбасын жогорку түшүмдүүлүккө чыгара алабыз деген дыйкан Өзгөнбек Турдалиев фондго ыраазы.
«Алгач эле мындай жакшы жардамы үчүн «Альянс Алтын» өнүктүрүү фондусуна ыраазычылык билдире кетели. Мына, 2 жылдан бери ушул долбоордон пайдаланып келе жатам. Сунуштагандардын бири дагы өзүм элем. Бизге фонд алгачкы продукциядагы уруктарды Ак-Суу районунан алып келип берет. Былтыр дагы 1 тонна уруктан 10 тоннанын тегерегинде түшүм алганбыз. Түшүмүн айылдаштар эле урукка деп сатып алышкан. Быйыл атайын барып кыдырып көрдүм, алар дагы жакшы түшүм алып, рахматтарын айтышууда. Быйыл дагы мол түшүм алдым. Дыйкандарга мындай жардамдар жакшы эле өбөлгө болууда», - деди дыйкан.
Андан тышкары бекер картошка менен камсыз болгон Талас шаарындагы 70тен ашык үй-бүлө, социалдык мекемелердин жетекчилери мындай камкордугу үчүн «Альянс Алтын» компаниясына ыраазычылыгын билдиришти.
Мааалымат катары: «Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду 2016-жылы Жерүй алтын кенин иштеткен «Альянс Алтын» ЖЧКсы тарабынан (алгач «Бакубат Талас» деген аталышта) түзүлгөн. Бүгүнкү күнгө чейин «Альянс Алтын» ЖЧКсы аталган фондго 900 миллион сом каражат которду.