Turmush — Жогорку сот Таласта киши өлтүргөн адамга карата 2022-жылдын 3-августунда өкүм чыгарды. Turmush басылмасы кылмыштын чоо-жайын баяндайт.
Айыпталуучу ким?
Айыпталуучу Нарынбай (аты өзгөртүлдү О.Н.А.) 1977-жылы туулган. Талас шаарынын тургуну. Үй-бүлөлүү, убактылуу иштебейт. Мурда соттолгон эмес.
Кылмыштын чоо-жайы:
Тергөөнүн маалыматына караганда, Нарынбай 2021-жылдын 18-октябрында саат 14:00 чамасында өзүнөн 150 миң сом карыз акчасын доолап жүргөн 48 жаштагы таанышы Дайырбекти (аты өзгөртүлдү М.Д.А.) өлтүрүүнү пландаган. Ал үчүн каттоого алынбаган «ТОЗ-8» үлгүсүндөгү куралын даярдаган. Андан кийин агасынын «Хонда СРВ» унаасын айдап, Талас районуна караштуу мал базарга келген. Ал жерден саат 15:30 чамасында Дайырбек (аты өзгөртүлдү М.Д.А.) менен жолуккан. Аны унаасына отургузуп, Талас районунун Калба айыл өкмөтүндө өзү төө буурчак эккен талаага алып келген. Талаадан унаанын артына салып койгон куралын алып чыгып, Дайырбекти оң колго атып жиберген. Дайырбек күн батышты карай болжол менен 100 метр аралыкка чейин качкан. Нарынбай ага карабай колундагы куралын октоп, аны экинчи жолу жамбашка атып кулаткан. Андан соң анын жанына басып барып, баш тарабына дагы 2 жолу атып, өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөн.
Кылмышын жашыруу үчүн анын денесин айдап жүргөн унаасынын артына салып, Талас районунун Нуржанов айыл өкмөтүнө караштуу МТФ аталышындагы участкасындагы токойдун четине таштап, изин жашырып кеткен.
- Нарынбай бул кылмышы жөнүндө берген кенен маалыматын биздин сайтка катталуу менен окуй аласыз.
Райондук соттун өкүмү:
Нарынбай Талас райондук сотунун 2022-жылдын 2-февралындагы өкүмү менен Кылмыш-жаза кодексинин (2021-жылдагы редакция) 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 7-12-пунктары (өзгөчө мыкаачылык менен пайда көздөө максатында же жалдоо менен адам өлтүрүү), 267-беренесинин 2-бөлүгү (ок атуучу куралды (аңчылык сайсыз куралды жака анын ок-дарыларын кошпогондо), ошого тете ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыруучу түзүлүштөрдү мыйзамсыз сатып алуу, берүү, сатып өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) менен күнөөлүү деп табылып, жалпы 17 жылга камалган.
Облустук соттун өкүмү:
Бирок бул өкүмгө маркумдун жакындары макул болбой, Талас облустук сотуна кайрылышкан. Облустук сот ишти 2022-жылдын 15-апрелинде карап чыгып, Талас райондук сотунун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырган.
Жогорку сотко кайрылуу:
- Маркум Дайырбектин үй-бүлөсүнүн жактоочусу Жогорку сотко берген кассациялык даттануусунда Талас райондук жана Талас облустук сотторунун Нарынбайга берген жазаларын өзгөртүп берүүнү суранган. Ал Нарынбайды өмү бою эркиндигинен ажыратып берүүнү жана андан маркумдун жубайы Н.С.О.го келтирилген 2 миллион 885 миң сом чыгымды өндүрүп берүүнү суранган. Себеби соттолгон Нарынбай кылмыш иши боюнча өкүнгөн эмес. Моралдык жана материалдык чыгымдарды төлөгөнгөн же жабырлануучу тарап менен жарашууга аракет жасаган эмес. Нарынбай маркум Дайырбектин үй-бүлөсүнө жалпысынан 2 миллион 885 миң сомдук материалдык чыгым келтирилген. Анын ичинен 2 миллион 550 миң сому Дайырбектин кредитинин акчасы болсо, 345 миң сом Дайырбекти акыркы сапарга узатууга кеткен каражат болгон.
Жогорку соттун өкүмү:
Жогорку сот 2022-жылдын 3-августунда иштин материалдарын карап чыгып, маркум Дайырбектин жактоочусунун кассациялык даттануусун жарым-жартылай канааттандырып, Талас райондук сотунун 2022-жылдын 2-февралында жана Талас облустук сотунун 2022-жылдын 15-апрелинде Нарынбай жөнүндө чыгарган өкүмүн өзгөрттү. Анда Нарынбай 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 7-12-пунктары (өзгөчө мыкаачылык менен пайда көздөө максатында же жалдоо менен адам өлтүрүү) боюнча 15 жылга, Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 2-бөлүгү (ок атуучу куралды (аңчылык сайсыз куралды жака анын ок-дарыларын кошпогондо) боюнча 5 жылга эркиндигинен ажыратылды. Кылмыш-жаза кодексинин 77-беренеси (кылмыштардын жыйындысы боюнча жаза дайындоо) боюнча дайындалган жазаларды бири-бирине толук кошуу жолу менен биротоло 20 жылга эркиндигинен ажыратылды. Токтом акыркы, даттанууга жатпайт.
* Иштин материалдары Жогорку соттун сайтындагы соттук чечимдердин жана актылардын маалыматтар базасында жарыяланган.