Turmush — Исраилов Жаныбек Калыбекович Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу Талас шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Жаңы жетекчи бүгүн, 4-мартта эмгек жамаатка тааныштырылды.
- Жаныбек Исраилов 1982-жылы 11-мартта Талас облусунун Талас районунда туулган. Буга чейин Талас шаарынын мэриясынын экономика жана инвестиция тартуу иштери боюнча башкы адиси болуп иштеп жаткан.
Буга чейин УКМК Талас облусу боюнча башкармалыгы ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүп, анын жыйынтыгында жасалма диплом фактысы ачыкка чыкканын жарыялаган.
Комитеттин басма сөз кызматы 30-мартта билдирген расмий маалыматта: «Талас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу С.Д.Э. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жогорку билим жөнүндө жасалма дипломунун негизинде аталган кызматты ээлеп турганы аныкталды», - деп айтылган.
Жасалма документтерди жасоого тиешеси бар тараптарды аныктоо иштери уланып жатат.
Макаланын уландысын жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...
Turmush в TikTok — подпишись!