Turmush — Жерүй алтын кенин иштеткен «Альянс Алтын» компаниясы тарабынан Манас райондук ички иштер башкармалыгына «Хонда Степвагон» үлгүсүндөгү унаа тапшырылды. Бул тууралуу Талас ОИИБден кабарлашты.
Маалыматка караганда, аталган компания Талас ОИИБдин техникалык базасын чыңдоо максатында ар тараптуу колдоолорду көрсөтүп келген. Үстүбүздөгү жылдын 28-февралында унаанын каттоочу иш кагаздары аяктап, салтанаттуу түрдө унааны тапшыруу аземи болуп өттү. Иш чарага башкармалыктын жетекчилери, «Альянс Алтын» өнүктүрүү фондунун жетекчиси Батырбек Качкымбаев, «Альянс-Алтын» ЖЧКнын өкүлдөрү жана ОИИБдин өздүк курамы катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө ОИИБдин башчысы Азенбек Козукеев «Альянс Алтын» өнүктүрүү фондунун жетекчиси Батырбек Качкымбаевге ИИМдин «Колдоо көрсөткөндүгү үчүн» медалын тапшырып, «Алтын Альянс» компаниясынын өкүлдөрүнө ыраазычылык айтты.
Талас ОИИБдин кызматтык унааларынын катарын «Альянс Алтын» компаниясы аркылуу толуктап келген. Аталган кызматтык унаалар кылмыштуулук менен күрөшүүдө, ыкчам аракеттенүүгө милициянын кызматын жеңилдетип, элдин коопсуздугуна пайдалуу кызмат көрсөтүүгө жардам берет. Колдоолор үчүн Талас ОИИБдин башчысы «Альянс Алтын» компаниясына ыраазычылыгын билдирди.
Талас облусундагы «Альянс Алтын» компаниясы облустун инфраструктурасы гана эмес, социалдык жана башка бардык тармактарда өз салымын кошуп келет.