Turmush — Шамил Мурат Талас районунун Беш-Таш айыл аймагынын башчысы болуп дайындалды.
Маалым болгондой, анын бул кызматка дайындалышы жөнүндөгү буйрукка Талас районунун акими Нургазы Нармырзаев 29-февраль күнү кол койгон.
- Буга чейин Жерге-Тал, Калба жана Бердике баатыр айыл аймактары бириктирилип, Кызыл-Туу айылын административдик борбор деп аныктоо менен Беш-Таш айыл аймагы түзүлгөн.