Turmush — Талас районунун Шумкар-Уя айыл аймагынын тургундары үчүн электробус алынды. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттөн билдиришти.
Маалыматка караганда, электробус 40 орунга ылайыкталган. Электробус айыл тургундары үчүн заманбап жана натыйжалуу транспорттук инфраструктураны түзүү, транспорттук системанын туруктуулугун жогорулатуу максатында сатылып алынды.
Ал үчүн жергиликтүү бюджеттен 16 920 000 сом акча каражаты бөлүндү. Аталган электробус күйүүчү май менен жүргөн автобустарга салыштырмалуу каражатты бир топ үнөмдөө артыкчылыгына ээ.
Мындан тарта жаңы электробус Шумкар-Уя—Талас каттамы үчүн кызмат кылат.
Административдик-аймактык реформанын алкагында Бекмолдо жана Осмонкулов айыл аймактары бириктирилип, Сасык-Булак айылын административдик борбор деп аныктоо менен Шумкар-Уя айыл аймагы түзүлгөн.
