Turmush — Ысык-Көл облусунун Ананьево айылынын тургуну Айжан Курманбекова сүйүктүүсүн мектеп курагында жолуктурган.
Каарманыбыз менен аймактык кабарчы баарлашты.
Айжан айым 1995-жылы Ысык-Көл облусунда төрөлгөн.
«Мен 11-класска чейин Ананьево айылында тай энем менен тай атамдын колунда чоңойдум. Жолдошум да ушул айылдан, бирок ал түрк лицейинде окугандыктан, мурда көрчү эмесмин. 2011-жылы кокусунан таанышып калдык. Мектептеги линейкадан кийин үйгө кетип баратып, жолдон жолугуп калдык. Ошол күндөн кийин бири-бирибизди жактырып, сүйлөшө баштадык. 2015-жылга чейин кыз-жигит болуп жүрүп, ал мага сөйкө салды. Анан 2018-жылы баш коштук. Учурда бир уул, бир кыздын ата-энесибиз», – деди ал.
Айжан айым жолдошунун мүнөзү, үй-бүлөдөгү пикир келишпестиктерди чечүү ыкмасы жана фазендадагы жашоо тууралуу айтып берди.
«Жолдошум мүнөзү токтоо, сабырдуу адам. Ал сезимин сөз менен эмес, жасаган иштери аркылуу көрсөтөт. Үй-бүлөдө пикир келишпестик болуп калса, эмоцияга алдырбай, бири-бирибизге убакыт берип, анан отуруп, тынч сүйлөшүп чечкенге аракет кылабыз.
Үйлөнгөндөн кийин 2025-жылга чейин шаарда жашадык. Ата-энелерибиздин колдоосу менен өз үйүбүздү да алганбыз. Жолдошум жалгыз уул болгондуктан, кийин айылга көчүп келүү чечимин кабыл алдык. Азыр айылда жашап, фазендада тиричилик кылып жатабыз. Фазендабыз 6 гектар жерди камтыйт. Анда алма бак, клубника, карагат, алча, алмурут, кара өрүк, малина бар. Мындан сырткары мал жандыгыбыз да бар. Ушул чарбабызды багып-карап, жолдошум экөөбүз бактылуу үй-бүлө куруп жашап жатабыз», – деди ал.
Айжан айым сүйлөшүп жүргөн кездеги кызыктуу окуяларынан да бөлүштү.
«Жолдошум экөөбүз сүйлөшүп баштаганда, дос кызым экөөбүздү тоого чакырган. Мен "барбайм, тай энем жибербейт" десем, жолдошум өзү келип, тай энемден уруксат алып кеткен. Жер төшөк жүктөп, шашлыкка эт маринаддап, баарын даярдап алыптыр. Анда ал 11-классты бүтүп жаткан, мен болсо 9-классты аяктап жаткан кезим болчу. Тоодо өзү шишкебек бышырып, сонун пикник уюштуруп берген. Ошондо ичимен "аа, тың бала экен" деп баа бергенмин.
Үй-бүлөлүк жашоонун алгачкы жылдарынан өзгөчө эсимде калган учур да бар. Жаңы келин болуп келгенде, биринчи жолу конокторго манты жасагам. Камырды кайненем "катуураак жуурулуш керек" деп, катуураак кылып жууруп коюптур. Коноктор келип калгандыктан, мен ашканада жалгыз калгам. Камырды жая албай абдан кыйналдым — алакандарым кызарып, чарчап кеткеним эсимде. Ошол учурда кайненем келип, бир-эки эле тартып жиберип, камырды заматта жайып салган. Ошондо уялганым менен, ошол окуя мага чоң сабак болуп, үй-бүлөлүк жашоодогу жылуу эскерүү катары эсимде калды», – деди ал.