Turmush — Ыйык Рамазан айында Ош технологиялык университетинде орозо кармаган профессордук-окутуучулук курамга жана кызматкерлерге арналган ооз ачар уюштурулду.
Иш-чара университеттин жетекчилиги жана кесиптик бирлик комитети тарабынан өткөрүлдү.
«Университеттин ашканасында жайылган дасторкондо жамаат бирге ооз ачып, мамлекетибиздин тынчтыгы, элибиздин биримдиги, өлкөнүн туруктуулугу жана жалпы журттун амандыгы үчүн дуба кылынды. Иш-чарада университеттин ректору Жанболот Турсунбаев жамаатты ыйык Рамазан айы менен куттуктап, ар бирине ден соолук, береке жана ийгиликтерди каалады.
Иш-чара жамааттын ынтымагын бекемдеп, ыйык айдын руханий баалуулуктарын даңазалаган маанилүү жолугушуулардын бири болду», - деп айтылат окуу жайдын маалыматында.